|
Товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө маалымат
|
|
ТОВАР (ЖУМУШ, КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ) ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ – тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу маалымат. Товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) тууралуу сөзсүз түрдө камтыла турган маалыматтар: товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) негизги керектөө касиеттеринин тизмеси, милдеттүү талабы товарлар шайкеш келүүгө тийиш болгон стандарттардын аталышы; даярдоочунун кепилдик милдеттенмеси; товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) коопсуз пайдалануу эрежелери менен шарттары; оңдоо иштерин жүргүзүүчү уюмдардын дареги, кызмат кылуу мөөнөтү; зарыл техникалык документациялар.
|