Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: vanguard
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ТУР
 

тур

 
тур I
тур (в состязаниях, на выборах);
экинчи турда во втором туре;
мелдештин жетинчи турунда в седьмом туре соревнований.
тур- II
1. стоять, вставать;
мен эрте турдум я рано встал;
сен ары тур ты стань подальше;
ушул эле жерде тура бер ты тут вот стой;
мен көчөдө туруп турайын я постою на улице; наст. -буд. вр. часто встречается в форме турумун, турусуң, туру вместо турамын, турасың, турат; ср. жатыры под словом жат- III 4;
көз ирмебей, калайык, көрөмүн деп турусуң фольк. вы, люди, стоите, не смыкая глаз, желая увидеть;
туру эле Олжоң ушунда фольк. твой Олжо стоял вот тут;
2. находиться, пребывать; обитать;
ал Нарында турат он живёт в Нарыне;
айылга туруп нетейин, адырга чыгып кетейин фольк. зачем я буду жить в ауле, выеду я на угорья;
3. жить, остаться в живых;
тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн погов. не радуйся рождению ребёнка, а радуйся, когда он выживет; цыплят по осенн считают;
алтынын энеси болдум, бирөө да турбады я мать шестерых, но ни один не выжил;
4. иметься, наличествовать;
машина турганда, жөө басмак белек? что ж, неужели мы должны идти пешком, когда есть машина?
5. стоить;
канча турат? сколько стоит?
өзүнө турган нарк себестоимость;
6. быть в услуженни; работать по найму;
байга турган он служил у богача;
7. оставаться безучастным;
кантип турсун? разве он может оставаться безучастным?
8. состоять из кого-чего-л.;
беш кишиден турган комиссия комиссия, состоящая из пяти человек;
9. с предшеств. формой на -ганы или имени действия в дат. п. намереваться; быть готовым вот-вот совершиться или совершить;
күн жааганы турат собирается пойти дождь; вот-вот пойдёт дождь;
кеткени турат он собирается уходить;
бергени турат он намерен дать; он вот-вот даст;
машина керек болгону турат намечается потребность в (авто) машине;
жеңеси турат кетүүгө фольк. сноха (см. жеңе) собирается уйти;
10. в форме на -мак, -сын, -гай или -сун не только не..., но и...; это бы ещё туда-сюда, но...;
ал турмак... и не только это, но...; это бы ещё ничего...;
күлкүм келмек тургай, уялдым какой уж мне смех - мне стыдно;
алмак тургай көрбөгөн он не только не брал, но даже и не видал;
ал тургай или ал турмак или ал турсун не только это, но и...;
ал тургай булардын үйүнө да көп-көп баруучу это ещё туда-сюда, но он к ним в дом часто ходил;
анте берсең, жан досум, айыкмак тургай бошойсуң фольк. если ты так будешь делать, друг мой, то не только не поправишься, а (ещё больше) ослабнешь;
мындай турсун не только не..., но даже;
эл тарамак турсун, көбөйүп жатат народ не только не расходится, а ещё больше прибывает;
ал, ишти оңомок турсун, артка кетирген он не только не улучшил дело, но даже ухудшил его;
бозо турсун, кымыз да оозуна албайт он даже кумыса в рот не берёт, не говоря уже о бузе;
өлмөк турсун, жерге кирсин пусть он не просто околеет, а в тартарары провалится; ни дна ему, ни покрышки;
11. в роли вспомогательного глагола указывает на длительность или постоянство действия, на пребывание в каком-л. состоянии;
келип тур захаживай иногда (сделай это своим обыкновением);
уйку келип турат хочется спать;
созулуп турат вытягивается (напр. о резине);
жылдык планды орундоонун алдында турат годовой план находится накануне выполнения;
сөзү жол чабуулар менен нечен жолу токтолуп турду речь его много раз прерывалась аплодисментами;
жергиликтүү уруштар болуп турду происходили бои местного значения;
көрүп турсун, калың эл, күнөөсүз колум байланды фольк. ты, народ, видишь, что без вины руки мои связаны;
кайда экенин биле албай, кайгыңды тартып турумун фольк. не зная, где ты находишься, я пребываю в горе по тебе;
кетет деген ойдо жок, кемпир, чал боздоп турубуз фольк. мы не думали, что он (сын наш) уедет, и вот мы, старуха и старик, горько плачем;
билип туруп, жашырат он намеренно скрывает;
көрүнүп турат видно, явствует;
көрүп туруп, көрбөдүм дейт ведь видел же, а говорит, что не видел;
сен суйлөбөй туруптур ты пока не говори;
сен келгенче, мен китеп окуп турдум пока ты не пришёл, я читал книгу;
жебей тура тургун ты пока не ешь;
жей туралы будем пока есть;
ушуну иче турчу вот это пока пей;
күтө турайынбы? мне пока подождать?
сары май болсо да, кашыктын башындай бере турсаң если есть хотя бы топлёное масло, хорошо было бы, если бы (ты) дал мне пока немножечко;
коё тур, эртең билейин подожди, я завтра узнаю;
тура тур немного подожди, повремени;
тура туруңузчу немного повремените-ка;
аман-эсен турмактабыз мы пребываем в полном здравии;
бул тура турсун это пока оставим (займёмся другим);
бул сөз муну менен тура турсун эмки сөздү Жайыл мергенден баштайбыз разговор об этом пока оставим, начнём разговор об охотнике Джайыле;
иштеле турган иш дело, которое предстоит сделать;
туруп ал- действовать настойчиво, упорствовать;
аял киши ыйлап туруп алса, кантип токтоторду билбей, абдан мазам кетет если женщина заплачет и (плачет) не переставая, я теряюсь, не зная, как остановить;
сүйлөбөй туруп алды он упёрся и не говорит;
"барбаймын" деп, туруп алды он сказал, мол, не пойду и стоит на своём;
бир аз туруп немного погодя, через некоторое (небольшое) время;
бир аз туруп барайын я пойду немного погодя;
бир туруп..., бир туруп... то..., то...;
ал бир туруп жакшы окуйт, бир туруп жалкоолонот он то хорошо учится, то ленится;
мен бир туруп ысып, бир туруп чыйрыгып жатам меня бросает то в жар, то в холод;
жатып да, туруп да при всяком удобном и неудобном случае; походя;
жатып да, туруп да ферманы соро берген көрүнөт он, видимо, походя сосал (обворовывал) ферму;
турбайбы! (выражает неожиданность дейстия, вызывающего удивление) разве это не...!, да ведь это же...!;
келген турбайбы! да ведь он же пришёл!;
кыргызча сүйлөйт турбайбы? да ведь он же по-киргизски говорит!;
уктап жатып, түндү да билбей калган турбаймынбы! уснул я и ночи не заметил!;
бала бойдон турбайсыңбы! да ведь ты совсем дитя!;
мен эң эле бир кыйын иш десем, андай эмес турбайбы! я думал, что какое-нибудь трудное дело, а, оказывается, не так!;
койлорго көз салбайт турбайсыңбы! да ведь ты же не смотришь за овцами!;
эки турбай, бир бекен? разве это не два разных, а один и тот же?
тур да эмес, жүр да эмес ни туда ни сюда; ни тпру ни ну;
барып турган в высшей степени, наи- (обычно в отриц. смысле);
барып турган акмак круглый дурак;
барып турган ууру вор несусветный;
барып турган наадандык крайнее невежество;
кеп туруп калган залежавшийся, лежалый;
тура туруңуз дайте срок (ещё не то будет);
токтой тур! подожди! (ещё будет тебе);
туруп кет-
1) встать и уйти;
2) (о больном) поправиться, выздороветь;
туруп кеттим, - ойноп кеттим встал, (значит) заиграл (раз встал, значит, здоров);
токтомок турсун, карап да койгону жок он не только не остановился, но даже и не взглянул;
мен мурун шаарга бара тургамын раньше я ездил (имел обыкновение ездить) в город;
туруп айтты
1) он встал и сказал;
2) вот тут он сказал.

тур

 
tur.

тур

 
1. dur;
2. sakin kal.

тур

 
tur.

Тур

 
ТУР – туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу, саякатка чыгаруу боюнча тейлөө кызматтарынын топтому; саякат максатына жараша саякатчыларга жол көрсөтүү, котормо ж. б. тейлөө кызматтары.

тур

 
тур (этап, бөлүк) спорт

Тур

 
Тур

тур

 
I зат. 1. Вальс бийинин залды бир айланып чыгышы, ошол эле бийдин бир дегерениши. Вальстын туру.
2. Мелдештин, оюндун, өткөрүлүүчү чаралардын ж. б. бир бөлүгү, айрым этабы. Шахмат турниринин экинчи туру. Спорттук олимпиаданын акыркы туру. Президенттик шайлоолордун экинчи туру.
ТУР II этиш. 1. Тикесинен келген абалда, баса турган абалда болуу; отуруп же жатып албай өйдө болуу. [Турсун] вагондун эң төмөнкү баскычына тура калып желегин көтөрдү (Сасыкбаев). Адыл ордунан турду да, олтургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Атчандар жете келип жарданып тура калды (Убукеев). Шамбет туруп олтуруп, Чаргынга карады (Сыдыкбеков).
2. Белгилүү бир жерде, үйдө турак алып, тиричилик кылуу, жашоо. Фрунзеде турат. Кыштакта турган адамдар. Шаарда турушат.
3. Өлбөй-житпей жашап калуу, аман эсен болуу. Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн (макал).
4. Бар болуу, болуу. Кыялда турат бир тилек, Чырак кызматын тапсаң агаңдын («Олжобай менен Кишимжан»). Машина турганда жөө басмак беле?
5. Белгилүү бир орунда, жайда болуу, белгилүү бир абалда болуу. Бир шумдукту сезгенсип, Жылдыздар турат тунжурап («Мендирман»). Калкыңда мендей кыздардан Кароолдо туруп кабар ал (Маликов). Жылаңач турган канча адыр, Жалбырак басып жашарсын (Маликов).
6. Кызмат ордун ээлөө, дайындалуу. Кызматка турду. Ишке турду.
7. Жалдануу, жалданып иштөө; кызматын кылуу. Байга турган.
8. Баасын, наркын билдирүү үчүн колдонулат. Канча турат? Өзүнө турган наркы.
9. Кандайдыр бир составдуу түзүлүштү, анын составын билдирүү үчүн колдонулат. Беш кишиден турган комиссия. Үч бөлүктөн турган китеп.
10. -ганы, -ган формалары уланган сөздөрдөн кийин кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун, ойдун ж. б. болорун, ишке ашуусу мүмкүн экендигин, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат. Күн жааганы турат. Кеткени турат. Барган турат. Жөнөгөн турат.
11. -мак, -сун, -гай формаларында келгенде «түгүл», «ал гана эмес» деген сыяктуу күчөтүү маанисин берет. Короодогу кой турмак, Коргол бербейт жети ата (Токтогул). Сүйлөмөк турсун далай жан, Зарланып жүрөт көрүүгө («Олжобай менен Кишимжан»). Какылдак уялмак тургай, эрээркеген балача чаңырыгын күчөттү (Сыдыкбеков).
12. Оолактатуу, алыстатуу, кандайдыр аракетти токтотуу керек экендигин билдирүү үчүн колдонулат. Тур ары, жашың менен сугарбай мени (Байтемиров). Эрсиз өтсөм да [Чаргын] нары тура турсун (Сыдыкбеков). Көйнөк тиккенди коё турчу (Сыдыкбеков).
13. Кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүз болуп турушун белгилүү бир абалдын узакка сакталышын билдирүү иретинде жардамчы этиш катарында колдонулат. Жазып тур саламыңды келгениңче, Жарыңдын жаш жүрөгүн сагындырбай (Нуркамал). Капталдан улам катуулап, Лом менен уруп туруптур (Маликов). Эр Олжобай элине, Бул кезде сүйлөп турат октолуп («Олжобай менен Кишимжан»).
14. Кыймыл-аракеттин, окуянын абалдын ж. б. күтүүсүздөн, эрктен тышкары болгондугун жана мурда андан кабарсыз экендигин билдирүү же ырастоо иретинде «тура», «турбайбы» формаларында колдонулат. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Ар нерсенин учуру болот тура (Байтемиров). Бул сакалдан Эшмамбет, Жүдөп жүргөн турбайбы (Токтогул). Сулуулар чыгат турбайбы, Анда-санда ар кандай («Мендирман»). Адамдын сырын билүү кыйын турбайбы (Байтемиров).

тур-

 
stand [стэнд]

тур-

 
тур-
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотур
Множ. числотурлар
Склонение по падежам - "тур"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?тур
Родительный Чей?турдун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?турга
Винительный Кого?, Что?турду
Местный Где?, У кого?турда
Исходный Где?, У кого?турдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?турлар
Родительный Чьи?турлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?турларга
Винительный Кого?, Что?турларды
Местный Где?, У кого?турларда
Исходный Откуда?, От кого?турлардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "ТУР"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru