КОНФЕДЕРАЦИЯ (лат. confoederatio – бирлик, бирикме) – 1) бирликтин ага кирген мамлекеттердин баардыгы өз эгемендүүлүктөрүн толук көлөмдө сактап калуучу таризи. К. өзүнө эларалык-укуктук уюмдун да, мамлекеттик уюмдун да белгилерин камтыйт. Жалпы органдары белгилүү чөйрөлөрдө (адатта, сырткы саясий, аскердик, валюталык-каржылык, бажы, байланыш жана коммуникациялар) К. мүчөлөрүнүн ишмердиктерин координациялайт. К. баардык мүчөлөрүндө андан эркин чыгып кетүү укугу сакталат. Азыркы учурда дүйнөдө бир гана К. – Европа бирлиги бар. Аркыл мезгилдерде: Австро-Венгрия – 1918-ж. чейин, Швеция жана Норвегия – 1905-ж. чейин, АКШ – 1781-жылдан 1789-ж. чейин, Швейцария – 1815-жылдан 1848-ж. чейин болгон; 1958–1961-жж. Египет жана Сирия; 1982–1989-жж. – Гамбия жана Сенегал К. түзүп турушкан; 2) кандайдыр-бир коомдук жана башка уюмдардын (м.: Франциядагы Бүткүл жалпы эмгек конфедерациясы) аталышы.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Конфедерация
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
5Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 2 + 3? Ответ:
Отправить