Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: Чатыр тиккенге орун барбы? Жоокер жараксыз болбойт, ырчы комузсуз болбойт.
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - ИВГИН ХАЙРЕТДИН
 

ИВГИН ХАЙРЕТДИН

 
ИВГИН ХАЙРЕТДИН (1945, Түркия, Везир-көпрү) — түркиялык фольклорчу, манас изилдөөчү.


Аскер лицейин (1961), Газы педагогикалык институтунун адабият бөлүмүн бүтүргөн (1966). Түркиянын орто жана жогорку окуу жайларында окутуучу, билим берүү, маданият министрлигинде бөлүм башчы. И. X. түрк элдеринин фольклорун жыйноо, иликтөө, жарыялоо иштеринде көп эмгек сиңирген. «Манас» дастанынын изилдениши, жарыяланышы боюнча да эмгектери бар. «Түркияда «Манас» тууралуу жарыкка чыккан эмгектер» деген көлөмдүү макаласы 56 наамдагы библиография менен жабдылган. Ал. ошондой эле «Уйгур автоном районунда "Манас" дастаны жана «Диван-и лугат-и түрк»» (1987), «"Манас» дастаны» (1987), «"Манас" дастаны тууралуу Түркияда жана Кытайда жарыяланган эмгектер» (1987), «"Манас" дастаны тууралуу эмгектер» өңдүү бир нече эмгек жазган. Белгилүү түрк илимпозу Абдулкадыр Инан, кызыл-суулук манасчы Жусуп Мамай жөнүндө да макалалар жараткан. Айрыкча эпостун Үрүмчүдөн жарыкка чыккан нускаларынын Түркия окуучуларына жетишине И. Х-дин эмгеги зор.
Ал Анкарада (Түркия) түзүлгөн «"Манас" дастанын изилдөө борборунун» мүчөсү.
И. Абдувалиев



Хотите добавить свой перевод для слово: "ИВГИН ХАЙРЕТДИН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru