|
ЖОРГОНУН БЕЛИ
|
|
ЖОРГОНУН БЕЛИ — топоним. Эпосто Таластагы ашуу катары көп эскерилет. Манасты үйлөндүрүү үчүн Жакыпка кабарга жөнөгөндө Ажыбай ашкан бел (Саякбай Каралаев, 1. 236). «Семетейде» Каныкей Букарга качкан учурда: «Жоргонун белин аша албай, Энекең жобоп бир ыйлап басалбай» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 32) турганы эскерилет. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосуна жанаша жайгашкан КараЖылга тоосундагы ашуу.
|