Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖАМБЫ АТУУ
 

ЖАМБЫ АТУУ

 
ЖАМБЫ АТУУ — кыргыздын элдик оюндарынын бири. Учуна 3—4 м туура жыгач бекитилген 10—15 м узундуктагы шыргый тикесинен орнотулган. Бийиктиги туура жыгачтын ар кайсы жерине ар түрдүү чоңдуктагы бир же бир нече жамбы кыйыкка илип байланган. Адатта, атууга кыйын болсун үчүн, чоң жамбы эң кичине кыйыкка, кичине жамбыны жазыраак кыйыкка байлашкан. Аларды мыкты мергендер жөө туруп (100 м), атчан бастырып (50 м) же чаап баратып атышкан. Жамбы илинген кыйыкты ким кыя атып түшүрсө, жамбыны ошол киши алган. Ж. а. башка элдик оюндар сыяктуу эле чоң майрам, той-аштарда өткөрүлгөн.


Ж. а-да алгачкы учурда жаа, анан милтелүү, кийин пистондуу мылтык колдонулган. Кыргыз элинин салттык байыркы оюндарынын бир түрү болгон Ж. а. мелдеши «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Жа-да жаа, милтелүү мылтык, бараң колдонулган. Эпостун каармандары жамбы жана башкалар атуу аркылуу жоокерчиликке, мергенчиликке машыгышкан. Көкөтөйдүн ашында Ж. а. үчүн атайын кыйып даярдалган карагайлардын «Алты жүзүн асманга, Чыгарып ийди улатып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 164) орнотулган устундун башына туурасынан кагылган жыгачка бири-бирине байланыштырып түйүштүрүлгөн жип менен байлап: «Жамбыны бийик зоо кылды, Сары алтынды жоо кылды, Кырк эки танап боо кылды» (Сагымбай Орозбаков, 3. 164). Салт боюнча атканы жаза кетпеген, ашкан мергендиги бар белгилүү баатырлар мелдешке катышып, жөө туруп же «Ат менен чаап жөнөл деп Атып алсаң өнөр деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 164),— оболотуп «асманга» илип койгон жамбыны аты менен чаап келип атат. Ж. а-га жаа жана мылтыктын ар кандай түрлөрү колдонулганы айтылат:
Кечилдин каны Коңурбай
Керилип туруп атты эле,
Жаачысы жааны тартты эле
Кебелген жок бу жамбы.
Манжунун каны Нескара
Басып атып берди эле,
Караса көзгө илинбей,
Огу кайда кеткени
Кайда экени билинбей (Саякбай Каралаев, 2. 65).

Кытай, калмак баатырлары гана эмес ашка келген бүт эл жамбыны ата алышпайт. Манастын баатыр-мерген кырк чоросунун ар бири көзгө атар мергендигин көрсөтүп, таамай атып бирден танап жипти түшүрөт. Ошондой эле Кыргылчал көкөлөтө ыргыткан:
Бир калпакты эт бышым
Асманга атып токтотуп,
Түк келтирбей бер жакка,
Түшүрбөдү жер жакка (Сагымбай Орозбаков, 3. 168),

— деп апыртылып сүрөттөлөт. Ал эми Манас баатырдын мергендик эң жогору чеберчилиги чоң сары алтын жамбы байланган, атуу үчүн эң кыйын, эң ичке танап жипти кыя атып мөрөйдү жеңет. Ал учур төмөнкү сүрөттөөдөн айкын көрүнөт:
Арчатору закымдап,
Жамбыга жетти жакындап,
Көтөргөндө мылтыкты
Көк түтүнү бурады,
Көктөгү жамбы кулады.
Түркүгүн түптүн сындырды,
Дүйнөнүн көөнүн тындырды.
Туура таңган жыгачын
Туйгунуң Манас сындырды,
Душмандын көөнүн тындырды,
Тууганга кубаныч кылдырды.
Түшүрдү көктөн жамбыны,
Түмөнгө сөзүн даң кылды.
Арчатору чуратып
Арстан Манас жеткени,
Тоголонуп калганча,
Көктөн түшкөн жамбысы
Токтоп орун алганча
Чапкан баатыр жеткени,
Кыргый илген торгойдой
Илип алып кеткени,
Арстан Манас баатырдын
Андистиги эмей неткени! (Сагымбай Орозбаков, 3. 177).

С. Алиев, И. Молдобаев



Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖАМБЫ АТУУ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru