|
Диспозиция
|
|
ДИСПОЗИЦИЯ (лат. dispositio – жайланышуу) – укук ченеминин укук субъектисинин юридикалык мааниге ээ жүрүм-турумун ачып көрсөтүүчү түзүмдүк катышы. Эгер жоромол бийликтик көрсөтмөнү колдонууга түрткү болсо, анда Д. юридикалык ченемдин чордону болуп саналат, болбосо түздөнтүз укуктук натыйжаларга алып келүүчү аракетти (аракетсиздикти) көрсөтөт.
|