|
Валюта конвертирлүүлүгү
|
|
ВАЛЮТА КОНВЕРТИРЛҮҮЛҮГҮ – тышкы экономикалык иштердин жүрүшүндө ырасмий валюталык курстарга ылайык улуттук акча белгилерин чет өлкөлүк валютага эркин алмаштыруу. В. к. – бул валютанын кайсы гана өлкөдө болбосун төлөм каражатынын милдеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгү. Азыркы учурда бир кыйла өнүккөн өлкөлөр гана (АКШ, Канада, Япония, Улуу Британия ж. б.) толук конвертирленген валюталарга ээ.
|