|
ВАСИЛЬЕВ
|
|
ВАСИЛЬЕВ Владимир Яковлевич (1907, Киев —1977, Фрунзе)— советтик режиссёр, Кыргыз ССР эл артисти (1958). Москвадагы театр студиясын (1924—27) жана ГИТИСти (1930—35) бүтүргөн. Кыргыз опера жана балет театрына 1939-ж. «Айчүрөк», 1946-ж. «Манас» (А. Куттубаев менен бирге) операларын коюп, Кыргыз улуттук музыкалык театры менен опералык өнөрдүн өнүгүшүнө режиссёр катары салым кошкон. В. эки Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
|