|
Биржа пайдасы
|
|
БИРЖА ПАЙДАСЫ – фондулук биржада баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн киреше. Ал: акционердик компанияга чегерилген нак капиталдын наркы менен баалуу кагазды биржа баасында сатуудан алынган айырманын суммасы – негиздөөчү пайда; ошол учурда акция же облигация сатылган баа менен сатылып алынган баанын курстук, же баалуу кагазды сатуу-сатып алуу боюнча бүтүм түзүлгөндөн ал ишке ашкан убактагы айырма – курстук пайда түрүндө болот.
|