|
Биржа комитети (кеңеши)
|
|
БИРЖА КОМИТЕТИ (КЕҢЕШИ) – биржаны башкаруу (АКШда – Башкаруучулар кеңеши, Улуу Британияда – Биржа кеңеши) органы. Биржа мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда белгилүү мөөнөткө шайланат. Негизги аткаруучу иштери: а) аткарым жүргүзүү эрежелерин жана биржага мүчөлөрдү кабыл алууну иретке салуучу уставдын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; б) баалуу кагаздарга жол берүүгө жана биржа бюллетенин чыгарууга байкоо жүргүзүү; в) далдалчыларды дайындоо; г) биржа мүчөлөрүнүн, ошондой эле алар менен алардын кардарларынын ортосундагы пикир келишпестиктерди талдоо, чечүү; д) башка уюмдар (анын ичинде мамлекеттик дагы) жана басмасөз менен байланышуу.
|