|
Бажы жол-жоболоштуруусу
|
|
БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОШТУРУУСУ – товарлар менен унаа каражаттарын белгилүү бир бажы тартибинин алдында жайгаштыруу жана ал тартиптин аракетин КР мыйзамдарынын талаптары менен жоболоруна ылайык бүтүрүү жолжобосу. Б. ж. белгилүү бир мезгилде жана жөнөтүүчү же алуучу, болбосо анын бөлүмдөрү жайгашкан КР бажы органынын ишмердүүлүгүнүн аймагындагы ал үчүн белгиленген жерде жүргүзүлөт. Кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча, анын эсебинен жана КР бажы органдарынын макулдугу менен Б. ж. башка жерлерде жана КР бажы органдарынын иштөө убактысынан сырткары да жүргүзүлүшү мүмкүн.
|