БЕКБОЛИЕВ |
Э. Бекболиев — Сейтек. «Сейтек» драмасы. 1987. Ал «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасында негизги ролдордун бири Абыкенин өзүмчүл, мансапкор, арам ойлуулугун ишенимдүү ачкан. «Сейтек» (1986) драмасынын баш каарманы Сейтектин образын ачууда Б. аны ата-бабанын ишин улап, туулуп-өскөн жерди ички-тышкы душмандардан коргогон чыныгы баатыр катары көрсөтө алган. Ошондой күрөштөрдүн бирине Сейтектин Кыясты жок кылышы кирет. Кыясты жок кылууда Сейтек өзү жалгыз эмес, Күлчоро, Айчүрөктөрдүн жардамына таянат, бул аркылуу драмада күч бирдикте экендиги жөнүндөгү идея ишке ашат. Б. «Айкөл Манас» драмасында да Сыргактын ролун, анын баатырдыгын жогору деңгээлде аткарууга жетишкен. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "БЕКБОЛИЕВ"?
Ввойти