Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Аралаш укуктар
 

Аралаш укуктар

 
АРАЛАШ УКУКТАР – автордук укуктардан келип чыгуучу, бирок алар менен толук дал келбеген өзгөчө укуктардын бир түрү. А. у.: автордун чыгармасын аткаруучулардыкы, фонограмма чыгаруучулардыкы, уктуруучулардыкы (көрсөтүүчүлөрдүкү) болуп айырмаланат. А. у-дын негизги мазмуну үчүнчү жактар тарабынан үндөктөрдү, радио- жана телепрограммаларды, ошондой эле аткаруучулардын чыгармачылык үзүрлөрүн пайдалануу үчүн тийиштүү А. у-дын субъекттеринин (ээлеринин) макулдугу талап кылынгандыгына барып такалат. Артистин жана теле жана радио берүүнү жүргүзүүчү уюмдун А. у-ы. алгач ирет аткарган (койгон) учурдан тартып пайда болот. Бул укук ал келип чыккандан кийинки жылдын 1-январынан тартып 50 жылдан кийин токтолот (өз ысымынын сакталышына жана аткарылышты же коюлушту аргандай бурмалоодон жана кол салуулардан коргоого укуктуулук гана мөөнөтсүз аракетте болот). Үндөк чыгаруучунун укугу ал жарыягандан тартып, эгерде бул мөөнөт ичинде ал жарыяланбаса 50 жыл боюу аракетте болот. Аткаруучуларга, үндөк чыгаруучуларга, оболук жана кабелдик теле жана радио уюмдарга берилүүчү өзгөчө укуктар айрым учурларда чектелүүсү мүмкүн. М.: аткаруучунун макулдугусуз жана ага сыйакы төлөбөстөн эле аткарылыштан үзүндүлөр күнүмдүк окуялардын баяндамасына киргизилүүсү мүмкүн. А. у-дын субъектилери үчүн мыйзамда каралган өзгөчө укуктар тийиштүү келишимдер боюнча башка жактарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Аралаш укуктар

 
Смежные права


Хотите добавить свой перевод для слово: "Аралаш укуктар"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru