|
Аба учагын айдай качуу
|
|
АБА УЧАГЫН АЙДАЙ КАЧУУ – жарандык авиация ишмердигинин коопсуздугуна кол салган, эларалык мүнөздөгү кылмыш; аз эмес учурларда террордук акты болуп саналат. А. у. а. к. үчүн, ошондой эле уурдап айдап кетүү максатында аба учагын мыйзамсыз басып алганы үчүн өзалдынча кылмыш-жаза жоопкерчилиги биринчи жолу 1973-жылы киргизилген. КР Кылмыш-жаза мыйзамдары бул кылмышты суу кемесин жана темиржолдун кыймылдуу унаасын айдатып кетүү менен бир статьяга бириктирген.
|