Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ
 

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

 
(грек. distantia – аралык) – адамдарды аралыктан окутуу, б. а. азыркы техниканын, өзгөчө байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдаланып, окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берүүнү камсыз кылуу. Ал максатта телефондук байланыш, радиоберүү, телеберүү, спутник байланышы жана Интернет түйүнү аркылуу компьютерлер пайдаланылат. Билим берүүнүн мындай жолу эл аралык практикада ХХ к-дын 70-жылдарында пайда болгон. Көпчүлүк учурларда аралыктан окутууну мурдатан көнүмүш болгон сырттан окуу менен бир катарга коюшат. Бул туура эмес. Алардын окшош жана бири-биринен кескин айырмалануучу жактары бар. Алсак, сырттан окуу формасында студент окуу жылынын башында окуу жайына келип, тийиштүү курстарды угуп, тапшырмаларды алып кетет. Жыл бою өз алдынча даярданып, текшерүү жумуштарын аткарат, аларды окуу жайына жөнөтүп турат. Окуу жылынын аягында келип, тийиштүү зачет, экзамендерди тапшырса, курстан курска көчүрүлөт. Сессия учурунан башка убактарда студенттердин окуу жайы менен байланышы көп учурда болбойт. Бирок, кийинки учурда сырттан окууну талап кылуучулардын санынын өскөндүгү, о. эле окутуу каражаттарынын мүмкүндүгүнүн кеңейгендиги алыскы аралыктан түздөн-түз окутуунун жаңы формасын табууну талап кылды. Ал аралыктан окутуу болду. Мында окуучу менен окутуучу телефон, компьютер, радио, телевизордун жардамы менен түздөн-түз байланыша алат. Бул негизинен күндүзгү окутуу учурундагыдай эле мугалимдин окуучуга жасаган түз байланышын жана окуучунун мугалимге жасаган кайра байланышын камсыз кылат. Ошентип, сырттан окутуунун негизги максаты жогорку жана атайын орто билим берүү гана болуп келсе, окутуу учурунда окуучулардын, б. а. билимге кардарлардын саны кескин көбөйдү. А. о. системасынын кызматынан сырттан окуган студенттер; эки же андан көп программалар боюнча окууну каалаган студенттер; кошумча адистик алууга же кошумча билимге ээ болгусу келгендер; жашаган ордун тез өзгөртүп туруучу окуучулар жана студенттер, мындай шартта алар туруктуу программалар боюнча мугалимдердин туруктуу контингентинен билим алышат; жогорку окуу жайынын мугалимдеринен атайын программалар боюнча билим алууну каалаган окуучулар; ар кандай окуу предметтери боюнча окуучулардын жана студенттердин олимпиадаларын уюштуруучулар жана катышуучулар; мамл. жана жеке менчик уюмдарда квалификациясын жогорулатуучу, кайра даярдалуучу кызматчылар, инженер-техникалык жана ил.окутуучу кызматкерлер ж. б. А. о. системасы өзүнө техникалык, программалык жана методикалык каражаттарды камтыйт. Алардын катарына кубаттуу серверлер жана жумушчу станциялар, персоналдык компьютерлер, коммуникациялык каражаттар, ар кандай программаларды камтыган аудио- жана видеотехника, окутуучу жана текшерүүчү программалар, о. эле аларды түзүүгө арналган каражаттар кирет. А. о. системасын ишке ашырууда чечилүүчү маселелер биз негизинен үч чоң топко бөлүнөт. Уюштуруу маселелери: окуучулардын контингентин тактоо жана топтоо (окуучулар, абитуриенттер, студенттер, аспирант-тар, жумушчулар, кызматчылар, инженер-техникалык жана ил. кызматкерлер); А. о. уюштуруунун негизги базасы (кайсы каражаттын негизинде окуйт, окуучуларга кандай кызмат көрсөтүлөт, эмне берилет); окуу предметинин курамы (кайсы предметтерди аралыктан окутууга боло турганын тактоо); окутуучу жана тейлөөчү кызматкерлердин курамы (анткени бардык эле окутуучулардын мындай кызматты аткарууга мүмкүн-чүлүктөрү жок), алардын иштөө графигин аныктоо; окуу үчүн төлөнүүчү каражаттын суммасын аныктоо. Методикалык маселелер: окууметодикалык материалдардын түрлөрүн жана аны даярдоонун жолдорун аныктоо; көнүгүүчү жана текшерүүчү тестти өткөрүүнүн формаларын табуу жана уюштуруу; окутуунун графигин жана текшерүү иш-чараларын түзүү, ишке ашыруу; окуу китептеринин жана методикалык көрсөтмөлөрдүн түрлөрүн аныктоо, аларды түзүү; аудио- жана видеотехниканы пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо ж. б. А. о. техникалык камсыздоо маселелери: техникалык каражаттардын курамы (персоналдык компьютерлердин, жумушчу станциялардын, модем жана башка коммуникациялык каражаттардын типтери, аудио-видеокаражаттар); программалардын курамы (компьютерлер жана эсептөө түйүнү үчүн амалдарды аткаруучу системалар, электрондук почтанын программаларынын тобу, алыс жактагы жабдууларды башкаруу каражаттары); программалык каражаттарды А-тык о-нун жергиликтүү шарттарына ылайыкташтыруу (диалогдук жана группалык иштерди аткаруучу кеңири масштабдагы берүүлөрдү уюштуруу, ишти белгилүү график боюнча аткарууну камсыз кылуу). А. о-ну уюштурууга арналган материалдардын катарына төмөнкүлөр кирет: базалык окуу китеби; теориялык материалдарды үйрөнүүгө көрсөтмө; маселелер жыйнагы жана өзүн-өзү текшерүүгө суроолор; лабораториялык практикумдар боюнча тапшырмалар, лабораториялык иштерди аткарууга методикалык көрсөтмөлөр; курстук иштерге тапшырмалар жана аларды аткарууга көрсөтмөлөр; текшерүүчү суроолорго берген студенттердин жообуна мугалимдин эскертүүлөрү; окуу материалын андан ары үйрөнүүгө сунуштар; теориялык курстук өздөштүрүүдө, лабораториялык же курстук иштерди аткарууда пайда болгон суроолорго жооптор; жалпы курс боюнча кошумча суроолор ж. б. Мурда белгиленгендей, А. о-нун негизги базасы болуп персоналдык компьютерлер, локалдык (жергиликтүү) жана глобалдык (жалпы) эсептөөчү түйүндөр эсептелет. Электрондук почто эң чоң аралыктан түздөн-түз окутууну камсыз кылат. Мында телефондук байланыштын коммутаторунун негизинде жалпы түйүн пайдаланылат. Аралыктан билим берүү борбору телефон аркылуу окуучулар менен байланышканда, алар өздөрүнүн компьютерлери же компьютердик класстар аркылуу билим алууга мүмкүндүк түзүлөт. Мындай окутууну камсыз кылуунун эки жолу бар.
Биринчиси, А. о. борборуна жакын жайгашкан окуучулар телефон аркылуу борбордун почтолук серверине түздөн-түз байланыша алат. Бул учурда борбордун почталык сервери ар дайым телефон сигналын күткөн режимде болуп турат. Экинчиси, А. о. борборунан алыс жайгашкан р-ндордо жашаган окуучулар шаар аралык телефон байланышынын кызматынан пайдаланат. Албетте, бул экономикалык жактан бир топ татаал. Бардык эле окуучулардын мындай мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, ар бир региондо борбордун филиалдары түзүлөт. Мис., Ош, Нарын, Каракол, Токмок ш-ларында. Ушул ш-ларга жакын жайгашкан окуучулар региондук борборго телефон аркылуу байланышат. Ал эми региондук түйүн маалыматтарды негизги борбордон алып, өздөрүндө сактап турат. Албетте, булардын иштөө режимдери өз ара макулдашылып, бирдиктүү график боюнча жүргүзүлөт.


Хотите добавить свой перевод для слово: "АРАЛЫКТАН ОКУТУУ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru