АЛТЫ АРАМ |
Аркамда эркек балам жаш, Өлүп кетсем кокустан Алты арам турат өзү баш, Менин көзүм өткөндө Буланы булап алабы, Бузукту булар салабы? (Саякбай Каралаев, 2. 82), — деп кабатырланганы да бекер эмес. А. а. Манастын өлгөнү кырк күн боло электе каралуу Каныкейге кордук көрсөтүшүп, дүйнөсүн бөлүп алуу үчүн балтыр бешик Семетейди өлтүрүп коюуга да даяр. Семетей Букардан келгенден кийин тууган экенбиз, өйдө болсом өбөк, ылдый болсом жөлөк болгула, башым тартуу, атым тартуу, кааласаңар энемди бирөөңөргө алып берейин десе болбой Семетейге каршы кол курайт. Бийликти бергилери, басып алган дүйнөдөн ажырагылары келбейт. Манас өлгөндө элдин А. а-дан көргөн азабын: Атаң Манас өлгөндө, Кайгыны журтуң көргөндө, Алты арам бизге кан чыкты, Каарынан жан чыкты, Алым-салык көп салды, Абал мурда малды алды, Калайманды баштады, Каяшаяк бергенди Каарданып алты арам Такыр кырып таштады (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 324), — деп Каныкей Семетейге билдирет. Семетей «койгула» десе болбой согушабыз деп уруш баштап, Абыке менен Көбөш өлөт. Кочкор баш болгон төрт бир тууган кырк чорого кошулуп Коңурбайды көздөй качышат. Экинчи жолу качышканда Семетей аркасынан кууп барып, баарын кырат, төртөөнү чогуу коюп, кырк чорого кошуп күмбөз салдырганы айты С. Алиев, С. Төлөгөнова |
Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛТЫ АРАМ"?
Ввойти