|
АЛТЫН МЕДАЛЬ
|
|
– окуудагы, эмгектеги эң жакшы ийгиликтери жана үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн орто мектепти бүтүргөндө берилүүчү сыйлык. Ал СССР ЭКСтин 1944-ж. 21-июндагы токтому менен чыгарылган. А. медаль менен 9–10–11класстарда бардык сабактарын жана бүтүрүү экзамендерин «5»ке тапшырган, мектептин коомдук иштерине активдүү катышкан окуучулар сыйланат. А. медалды берүү ж-дө мектептин пед. совети кабыл алган чечимди өйдө жактагы эл агартуу органдары бекитет. А. м. менен сыйлангандар жогорку окуу жайына кирүүдө кабыл алуу эрежелеринде белгиленген жеңилдиктерден пайдаланышат.
|