Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АЙЛАМОР
 

АЙЛАМОР

 
АЙЛАМОР (орусча Илья Муромец) — каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас менен кармашкан эпостук баатырлардын бири. А. орус элинин баатырдык эпосторунун (былиналарынын) Киев циклине кирген варианттарында айтылуучу каарман Илья Муромецтин ысымынын манасчы тарабынан кыргызчаланып айтылышы. А. — кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыгындагы орус эпосторунан өздөштүрүлгөн образдардын эң ириси. Аталган эпизоддордо Манас түндүктө жашоочу элдерге чабуул жасап, аларды багындырат. Орус баатыры А. менен сайышка түшүп, анан кылычташууга өтөт. Акырында А-дун Дөңкара аттуу аты аны ала качып жөнөйт. Ошентип, А. жеңилип, орустар Манаска 300 сулуу кыз тартуу берет да «Атабыз Жаяпис бир» деп элдешип кайтат.



Хотите добавить свой перевод для слово: "АЙЛАМОР"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru