|
АЖЫКАН
|
|
АЖЫКАН — эпизоддук кейипкер, Тазбайматтын атасы, шайык. Манас ооруп жатканда Каныкей Ажыбайды кабарга жөнөтүп жатып, А-га да кабар бер дейт (Саякбай Каралаев, 2. 234). Манас дүйнөдөн өтөрүндө «Ажыкан уулу Баймат таз, Ыйман айтчы кашыма» (Саякбай Каралаев, 2. 146),— деп Тазбайматка кайрылат.
|