АБДЫКАДЫРОВ |
Айрыкча Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасын сахнага коюу менен ал өзүнүн көркөм концепциясынын тереңдигин жана айкындыгын көрсөтө алган. А. баатырдык маанайдагы спектаклди жаратууну гана эмес, улуу эпостун өзөгүндөгү ата журтту, элди, жерди сүйүү идеяларын көрүүчүлөрдүн көңүл түпкүрүнө жеткирүүнү көздөгөн жана бул максатын жүзөгө ашырган. «Манастын уулу Семетей» спектакли Москвада да көрсөтүлүп, жогору бааланышы А-дун элдик эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең өздөштүргөндүгүн, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн тапкандыгын далилдейт. Ал бир нече медалдар менен сыйланган. Э. Калдаров |
Хотите добавить свой перевод для слово: "АБДЫКАДЫРОВ"?
Ввойти