Menü
Эл-Сөздүк

шалакта-

1. бодро, резво бежать;
шалактап катуу келишти они быстрым ходом (напр. на лошадях) прибыли;
шалактап каткыргандардын үнү чыгат слышны голоса хохочущих;
2. быть расслабленным, разболтанным;
шалактап бекер жүрөт он болтается без дела;
баякы шалактап капарсыз басып жүрө бермейди таштап, оокатын кылсын пусть он бросит беспечно болтаться и займётся житейскими делами;
ок тийген теке шалактап, ойго түшүп жатышып фольк. раненые козероги ослабели, спустились во впадину и легли;
сынган колу шалактап калды его переломленная рука беспомощно повисла.

шалакта

этиш. 1. Катуу, ыкчам жүрүш менен жүрүү, жүгүрүү. Шалактап катуу жүрүш менен бараткан атчандар.
2. Шалкылдоо. Сынган колу шалактап калды. Буту-колу шалактап, жыйналып отурууга жарай албады («Ала-Тоо»).
3. Алдан тайып, муун-жүүнү бошоо, алсыроо. Бүткөн бойдун баарысы, Күчтөн тайды шалактап («Эр Төштүк»).
4. Олдоксун, обу жок жүрүш-турушта болуу, адепсизденүү. Баягыдай шалактай бербей, адептүү, уяттуу киши болсоңчу («Чалкан»).
5. Токтобой, тынымсыз чыгуу, агуу (мис., тер). Таш эмчек ийип кеткенсип, Шалактап тери агыптыр (Токобаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: