Меню
Эл-Сөздүк

касса

касса;
сактык кассасы сберегательная касса;
өз ара жардамдашуу кассасы касса взаимопомощи.

Касса

КАССА (ит. cassa , лат. capsa – жай, куту) – 1) уюмдардын карамагындагы накталай акча; 2) кассалык аткарымдарды жүргүзө турган ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин түзүмдүк бөлүгү; 3) накталай акчанын кыймылы, келип түшүүсү, таратылып берилиши чагылдырыла турган бухгалтердик эсеп; 4) акча жана башка баалуулуктарды кабыл алуу, сактоо, берүү үчүн атайын жабдылган жай.

касса

зат. 1. Мекеменин акча кабыл алуу же берүү, билет ж. б. сатуу сыяктуу жумуштарын жүргүзүүчү бөлүмү жана ушундай бөлүм үчүн ыйгарылган жай. Кассада иштөө. Кассага төлөө. Театр кассасы.
  1. 2.                  Ар кандай кредиттик мекемелердин наамы.
  2. 3.                  Мекеменин, ишкананын колдо болгон акчасы.
  3. 4.                  полигр. Ариптер салына турган клеткалары бар ящик.

¨ Өз ара жардамдашуу кассасы — мүчө болуп жана ай сайын тийиштүү мүчөлүк акысын төлөөчүлөргө топтолгон мүчөлүк акыдан материалдык жардам иретинде карыз акча берип туруучу ыктыярдуу уюм.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: