Экокыргын ЭКОКЫРГЫН (гр. oikos – туракжай, турган жер) – өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө жалпы кыргын салуу, аба мейкиндигин же суу байлыктарын ууландыруу, ошондой эле экологиялык кыйроого алып баруучу иш-аракеттерди жасоо.