Меню
Эл-Сөздүк

СЫЯ ТӨГҮҮ

(зоот, мөөр түшүрү, себет төгүү). Бул — элдик зергерликте күмүштү иштетүүнүн негизги ыкмасы. Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру жыгачтан эки см дей учу бар «чийим шибегени» же «ойгучту» пайдаланышат. Эми көркөм оюм түшкөн жерге «себетти» (боекту) кичинекей калакча менен салып, оттун табына этият кармайт. Ошондо чукурча толот. Муну кургатып туруп, өгөөлөп койсо, кол менен тарткандай кооздук түшөт. «Мөөр шакек», «Мөөр топчу», «Мөөр билерик» деген сөз мына ушундан калат. Минтип, «сыя төгүү» (себет төгүү) менен зер буюмдарына түшкөн тигил же бул элдик көркөм оюмду Ат-Башы; Нарын тарапта «Зооткер» деп айтат. Албетте, бул күмүштүн негизги «саймасы» болуп саналат. Ошондуктан «Зооткер», «Мөөр», «Сыя төгүү», «Себет төгүү», «Зоот жасоо» деген терминдердин түпкү түшүнүгү бипбирдей болуп саналат. Мындай ыкманы атактуу зергерлер ойдогудай пайдаланышкан.

Примеры переводов: СЫЯ ТӨГҮҮ

Кыргызский Русский
төгүү; вылить;
Камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү (камсыздандыруу төгүмү) камсыздандыруу сыйлыгын төгүү каралышы мүмкүн. Договор страхования может быть предусмотрена выплата страховой премии страховщику рассрочку (премий).
Эгерде камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруу төгүмүн төгүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин башка залалдары каралбаса, белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн кезектеги камсыздандыруу төгүмү камсыздандырылуучу (пайда алуучу) тарабынан бир айлык жеңилдетилген Если договор страхования не предусматривает иных последствий задержки в выплате премий, не будет оплачен вовремя рядом премия может быть уплачена страхователем (выгодоприобретателя) в течение месяца льготного периода с интересами заряженных на сумму проср

Примеры переводов: СЫЯ ТӨГҮҮ

Кыргызский Английский
төгүү; pour out;
Камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү (камсыздандыруу төгүмү) камсыздандыруу сыйлыгын төгүү каралышы мүмкүн. Contract of insurance may envisage payment of insurance premium to the insurer by installments (premiums).
Эгерде камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруу төгүмүн төгүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин башка залалдары каралбаса, белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн кезектеги камсыздандыруу төгүмү камсыздандырылуучу (пайда алуучу) тарабынан бир айлык жеңилдетилген If the contract of insurance does not envisage other consequences of delay in payment of premiums, not paid in time next premium may be paid by the insured (beneficiary) within a month grace period with interests charged to the amount of overdue premiums

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: