Меню
Эл-Сөздүк

АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР

– денелик же психикалык өнүгүшү нормалдуу эмес, ошондуктан атайын шарттарда тарбиялап окутууну талап кылуучу балдар. Мындай балдардын өсүп-өнүгүшүнүн нормадан кыйшаюусу же тубаса, же кийин келип чыгуучу дефекттерден болот. Ошондуктан кээде «дефекттүү балдар» деген термин да колдонулат. А. б-дын дефекттеринин негизги категориялары: көрүүсү (кемчил), угуусу (кемчил), речи бузулган (кемчил), акылы боюнча артта калган (кем акыл) балдар болуп эсептелет. А. б-ды тарбиялап, окутууну үйрөнүү иши дефектология илиминин мазмунун түзөт. Мындай балдарды үйрөнүү процессинде дефектинин келип чыгышы, анын мүнөзү жана убактысы, баланын аномалдуу өсүшүнүн жолдору айкындалат; баланын сезгичтигинин бузулушунун так мүнөздөмөсү (анын угуусу, көрүүсү, ойлоосу канчалык даражада бузулуп начарлагандыгы ж. б.) берилет. Окутуу процессинде өсүүнүн кемчиликтерин аныктоо жана ал дефекттерди компенсациялап толуктоонун жолдорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүүчү пед. изилдөөлөр өзгөчө чоң мааниге ээ. Балдардын денесинин жана психикалык өсүшүндөгү анча ачык билинбеген кемчиликтерди компенсациялап толуктоонун туура жолдорун аныктоодо массалык мектептердин окуучуларын пед.жактан үйрөнүүнүн жана бул кемчиликтерди мугалимдердин өз учурунда байкап билип турушунун зарылдыгы өзгөчө кымбат. Баланын сабакты анча өздөштүрө албай калышынын себеби көп учурда анын угуу же көрүү органдарынын начардыгынан, же психикалык өсүшүнүн убактылуу кармалып калышынан экендигин өз убагында байкап билбегендиктен келип чыгат. Баланын ойноосундагы, жалпы жүрүм-турумундагы жана интеллектуалдуу эмгектенүүсүндөгү тигил же бул кемчиликтер билинер замат ата-энелер педагогдорго жана врачтарга кайрылып консультация алышы зарыл. Акылы боюнча артта калган (кем акыл) балдар – булар туюнуу процессинин нормалдуу өнүгүшү бузулган жана ошол себептүү бардык психикасы бүтүндөй кемчил болгондор. Мындай балдардын негизги группасын олигофрендер түзөт. Кем акылдуулар 3 түрдүү:
а) идиоттордун (жиндилердин) психикалык өнүгүүсү гана эмес моторикасы (кыймылы) да аябай бузулган (алар өз алдынча жыла алышпайт), өзүн-өзү тейлөөнүн эң жөнөкөй ыкмаларын өздөштүрүүгө да жарамсыз, речи жок жана башкалардын речин да түшүнүшпөйт. Аларды дайыма такай тейлеп турууга туура келет, ошондуктан алар көбүнчө социалдык тейленүүчү балдар массаларында же психикасы бузулгандардын колонияларында тарбияланышат.
б) имбецилдер туюнуу процесстери өтө бузулган, узак убакыт багытталып иштей албаган, ою оңой эле алагдыланып кетүүчү балдар. Алар речи жаман, тили тантык, кекеч болушат. Көп убакыт бою атайын окутуудан кийин гана алар араң окууга, араң жазууга жана өзүн-өзү эптеп тейлөөгө үйрөнө баштайт. Имбецилдерди окутуу жана тарбиялоо социалдык камсыздандыруунун балдар мекемелеринде же жардамчы мектептердин алдындагы атайын класстарда ишке ашырылат.
в) дебилдер – булар акылы бир кыйла артта калган, бирок атайын программа менен жардамчы мектепте системалуу түрдө окуй алуучу балдар. Дебилдердин акылы эрте жашынан эле бузула тургандыгы алардын ойноосунан, окуусунан ж. б. эмгектенүүсүнөн көрүнөт, алардын эмоциясы жана эрки жарды, өздөрүнүн керектөөлөрү, муктаждыктары, кызыкчылыктары өтө чектелинген болот. Дебилдердин көпчүлүгүнүн жүрүш-турушу жай, тыкан, аткаргыч, чектелген кызыкчылыктары туруктуу, баштаган ишти аягына жеткиргич, бирок өзүн-өзү жогору баалоочу болот. Дебилдердин кээ бирлери өтө эле ээликме, бир орунга токтолуп тура албаган, шалакы, сөз укпаган, оюн токтото албаган, өзүнүн ишин башкара албаган, аларга коллективде иштөө эң оор жана ошондуктан алардын жүрүш-туруштарын тынымсыз жөнгө салып (коррекциялап) туруучу атайын пед. иштерди дайыма жүргүзүп турууну талап кылышат.
Башталгыч мектеп жашындагы дебилдердин туюнуу аракеттери бир кыйла өзгөчөлүү: кабыл алуулары жай, толук эмес жана айлана-чөйрөгө багыттанышы начар, так эмес, өзгөрүлүүчү шарттарга начар ылайыкташкан, байкагандарын сезип ойлонуусу жаман, так эмес. Алардын чындыкты элестеп кабыл алуулары так, толук эмес болушу, кабылдоолорунун өзгөчөлүгү менен, өтө унутчаактыгы жана окшош нерселерди бири-биринен ажырата алышпагандыгы менен түшүн-дүрүлөт. Биринчи жылдарда дебилдер окугандарын жана көргөндөрүн тез унутушат, анткени алардын сезимдүү эстеп калуулары жок. Мындай балдардын речи (тили) өтө эле кеч (3–4 жашында) чыгат. Аларды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу чоң, баланын өсүшүндөгү артта калуучулук билинер замат ата-энелер психоневрологдон кеңеш сурап, зарыл болгон учурда баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек. Жардамчы мектепти бүтүргөндөн кийин мындай балдар көп учурда өздөрүнүн алы келе турган иште эмгектене алышат.

Примеры переводов: АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР

Кыргызский Русский
балдар үйү детский дом
балдар бакчасы детский сад
Кичинекей балдар Маленькие дети
Балдар үчүн арзандатуулар барбы? Есть ли скидки для детей?
Балдар укугунун декларациясы (1959); Декларация о правах ребенка (1959);
Эркек балдар үчүн кызыктуу оюн керек Мне нужна интересная игра для мальчиков
Балдар, эреже катары мектепке жакын жашайт. Дети, как правило, живут не далеко от школы.
ЮНИСЕФ Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ Детский фонд Организации Объединенных Наций
Көпчүлүк балдар ата-энелеринин ишине жардам беришет. Многие дети помогают родителям по дому.
Балдар Американын популярдуу ырларын үйрөнүүгө өзгөчө ынтызар. Дети особенно хотел узнать тексты американских поп-песни.
Мында шаардык балдар айылдыктардан өтүп кеткени таң калыштуу болуп эсептелет. Парадокс заключается в том, что даже в этом, городские дети опережают сельских школьников.
Боюм кыска болгону менен мектепте чоңураак балдар менен мушташчу элем дейт ал. Всегда маленьким для своего возраста, он говорит, что превышает мальчиков в школе издеваются его.
Ал иштеген эркек балдар мектебинде эң дилгир окуучулар мугалимдер болуп чыкты. В школе для мальчиков, где он преподавал, его самыми восторженными учениками были другие учителя.
Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдар ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү. Трудоспособные, юридические возрасте дети обязаны заботиться о своих родителях.
Даярдалбаган балдар жогорку класстарда окууну кантип ийгиликтүү уланта алмак эле? Как неподготовленные дети успешно продолжить свое образование в старших классах?
— колдон түшө элек балдар качантан бери бизге, эркектерге эмне кылышты айтып калган? "Должны ли младенцы по оружию говорят нам мужчинам то, что мы будем делать?"
-ата-энелерди балдар менен сабакта жана сабактан тышкаркы убакытта бирге иштөөгө кошуу; #ИМЯ?
Балдар ата-энесин сыйлаарын, мисалы, үйдөн өздөрүн адептүү алып жүрүү менен көрсөтүшкөн. Один из способов для детей, чтобы почитать своих родителей был, имея хорошие манеры дома.
Көпчүлүк балдар эртең мененки жана кечки тамакты ичишет, балдардын азыраагы - түштөнүшөт. Многие дети едят завтрак и ужин и меньше детей пообедать.
Картер атасынын 1995-жылкы балдар үчүн китеби “Кичинекей бала Снугл-Флежерге” сүрөт тарткан Картер показано 1995 детскую книгу отца Маленький Детские Snoogle-Fleejer.

Примеры переводов: АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР

Кыргызский Английский
балдар үйү children's home
балдар бакчасы kindergarten
Кичинекей балдар Small children
Балдар үчүн арзандатуулар барбы? Are there any discounts for children?
Балдар укугунун декларациясы (1959); The Declaration of the Rights of the Child (1959);
Эркек балдар үчүн кызыктуу оюн керек I would like an interesting game for a boy
Балдар, эреже катары мектепке жакын жашайт. The children as a rule live not far from school.
ЮНИСЕФ Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду UNICEF United Nations Children's Fund
Көпчүлүк балдар ата-энелеринин ишине жардам беришет. Many children help their parents around the house.
Балдар Американын популярдуу ырларын үйрөнүүгө өзгөчө ынтызар. The children especially wanted to learn the lyrics of American pop songs.
Мында шаардык балдар айылдыктардан өтүп кеткени таң калыштуу болуп эсептелет. The paradox is that even in this, urban children outstrip rural pupils.
Боюм кыска болгону менен мектепте чоңураак балдар менен мушташчу элем дейт ал. Always small for his age, he says the bigger boys at school bullied him.
Ал иштеген эркек балдар мектебинде эң дилгир окуучулар мугалимдер болуп чыкты. At the boys' school where he taught, his most enthusiastic students were the other teachers.
Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдар ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү. Able-bodied, legal aged children are obligated to care for their parents.
Даярдалбаган балдар жогорку класстарда окууну кантип ийгиликтүү уланта алмак эле? How can unprepared children successfully continue their education in senior classes?
— колдон түшө элек балдар качантан бери бизге, эркектерге эмне кылышты айтып калган? "Shall the babes in arms tell us men the things we shall do?"
-ата-энелерди балдар менен сабакта жана сабактан тышкаркы убакытта бирге иштөөгө кошуу; -Engage parents in joint activities with children during lessons and during extra-curricular activities.
Балдар ата-энесин сыйлаарын, мисалы, үйдөн өздөрүн адептүү алып жүрүү менен көрсөтүшкөн. One way for children to honor their parents was by having good manners at home.
Көпчүлүк балдар эртең мененки жана кечки тамакты ичишет, балдардын азыраагы - түштөнүшөт. Many children eat breakfast and dinner and fewer children have lunch.
Картер атасынын 1995-жылкы балдар үчүн китеби “Кичинекей бала Снугл-Флежерге” сүрөт тарткан Carter illustrated her father's 1995 children's book The Little Baby Snoogle-Fleejer.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: