Menu
Эл-Сөздүк

үз

үз I
южн.
то же, что жүз II;
жер үзү земная поверхность, земля;
жер үзүндө бардык мал бар на земле (в мире) есть всякий скот, всякие животные.
үз- II
рвать, обрывать; прерывать;
кунажын көзүн сүзбөсө, бука мурдун үзбөйт погов. (вариант см. сүз-) если тёлка глазами не поведёт, бык нос не раздерёт (см. буйла I 1);
үзбөй не прерывая, непрерывно;
мындан ары үзбөй жазып турам впредь буду писать систематически (часто, без долгих перерывов);
план үз- сорвать план;
байланыш үз- порвать связь; перестать общаться;
кебин үзө сүйлөп, кетенчиктей берди бросая отрывочные слова, он (со страхом) пятился назад;
кароол үзбөдүм я не прекращал охрану, я продолжал окарауливание;
үзүп кет- южн. выхватить, вырвать (напр. у кого-л. из рук);
колун үз- порвать связь, перестать общаться;
жек-жаатынан кол үздү он перестал обшаться со своими родственниками;
ишеничтен кол үз- перестать верить, извериться;
кол үзөт Шарапатка ишеничтен стих. он перестаёт верить Шарапат;
үзө чаап сал- уничтожить всех без разбора, учинить полный разгром;
үзүп-жулуп или үзүп-жулкуп урывая, хватая и цапая (для себя);
ичкени үзгөн, жоонду созгон убак время крайней нужды (букв. время, которое обрывает тонкое, вытягивает толстое).
үз- III
(ср. сүз-)
отцеживать, отчерпывать;
үч элиге келгенде, үзүп-үзүп алдырып, каалагандар жутушуп фольк. когда (водки) набиралось на три пальца, он велел сцеживать, (и) желающие глотали.

үз-

break [брэйк];
disrupt [дис’рапт];
pluck I. [плак]

үз-

үз-, үзсө, үзчү-
үзүп алуу
үзүп-жулуп
үзүп-кесип

үз

этиш. 1. Кандайдыр бир бүтүндү үзүккө, бөлүккө ажыратуу; илинип, өз ара биригип, туташып турган нерсени бөлүп алуу, жулуу. Бала жанына келгенде, тигил келин эки жарым карыштай май чучук үзүп берди (Аалы). Алма үз. Коон үз.
2. Тытуу, быт-чыт кылуу, талкалоо. Энеке! Ал дүйнө жексен болду, Чырмалган эмгекчилер үздү торду (Турусбеков). Чынжырын үзүп чечебиз Жылдырбай салган буттарды (Тоголок Молдо).
3. Кандайдыр бир ишти, аракетти токтотуп коюу, тынчып калуу, басылып калуу. Эркиним катты үзбөй жазат («Ала-Тоо»). Байланышты үзүп коюу. Кырк чоролоп бакыргын, кыйкырык үзбөй чакыргын ! («Эр Табылды»).
4. Кутулуу, жоюу, жок кылуу. Айыгышып келген душмандын, Тамырын жулуп үзө алдым (Нуркамал). Эгин-тегинге, чөп-чарга, отун-сууга каралашып берип, насыяңарды үзөрсүңөр (Жантөшев). Тилеги каткан фашистти, Тукумун үзүп, жеңсе экен (Калык).
Кол үзүү к. кол I. Караанын үзүү — алыстоо, көрүнбөй калуу. Караанын үзүп кеткиче, Карап турат Табылды («Эр Табылды»). Келгенде Алмаң жакындап, Караанын үзүп аларга, Жөнөй берди закымдап («Манас»). Өзөгү үзө тартуукурсагы абдан ачуу. Оокат [Көкөнүн] эсине түшө калдыбы, оозуна кара суу келип, өзөгү үзө тарткансыды (Касымбеков). Күдөрүн үзүү, үмүтүн үзүүтүңүлүү. Мени келбейт экен деп, Күдөрүн үзүп койгондур («Манас»). Кыйноодо Током жүрсө да, Жыргалдан үмүт үзгөн жок (Нуркамал). Шек алдырып сен койсоң, асил жандан күдөр үз («Эр Төштүк»). Үзүп алуу — катуу чымчып алуу. [Акия] кээде Элебестин бир жерин үзүп алат (Сыдыкбеков).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: