Меню
Эл-Сөздүк

жолдош

жолдош I
1. спутник;
жан жолдош см. жан II;
2. товарищ, друг;
жаман жолдош жоого алдырат погов. плохой товарищ врагу выдаст;
күйөө жолдош этн. дружка (парень, сопровождающий жениха в его поездках к невесте);
3. супруг, супруга;
өмүрдүк жолдош подруга жизни;
4. товарищ (форма обращения);
жолдош Сарыбаев товарищ Сарыбаев.
жолдош- II
взаимн. от жолдо-.

жолдош

companion [ком’пэнйэн];
comrade [‘комрид];
fellow [‘фэлоу];
friend [фрэнд]

жолдош

зат. 1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Жанаша жүрсө жаркылдап, Жан жолдошум кырк жигит («Курманбек»). Чоло жок сыр айтышар, кайгы жазар, Жолдошум жанымдагы шордуу Назар (Барпы).
  1. 2.           Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, татуу, ынак адамдар. Жамандыкты жолотпойт Ак тилектүү жолдошум (Осмонкул). «Сыр алышкан жолдошторду дагы көрөр бекенмин?» деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев).
  2. 3.           Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). Жаракөр жан жолдошум Келсе экен деп тилеймин (Маликов).

¨ Жолдош-жоро — бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар тең туштар. Газеталарды жолдош-жоролоруна окуп берет (Бөкөнбаев). Жаштар үйлөрүн, жолдош-жоролорун сагынышты (Баялинов). Күйөө жолдош — күйөөлөп барган жигиттин жолдошу. Үзөңгү жолдош — бирге жол жүргөн, иште, кызматта бирге болушкан, бирге эмгектенишкен жолдоштор.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: