Меню
Эл-Сөздүк

жентек

этн.
угощение, устраиваемое по случаю рождения ребёнка или когда верблюдица приносит верблюжонка (в предвидении рождения ребёнка в юрте будущей матери готовят в кутырях топлёное масло для угощения; поздравляющие обычно приносят подарки);
жентек бер- устраивать жентек;
жентек же- угощаться на жентек'е;
жентек жейбиз деген аялдар үйдү үч көтөрүп жатышты женщины, которые собираются пойти угощаться на жентек'е, весь дом переворачивают вверх дном.

ЖЕНТЕК

ЖЕНТЕК — бала төрөлгөндө той берүү салты. «Манаста» да сакталган. Манас төрөлгөндө Ж. той берилип, тийиштүү жөрөлгөлөр менен коштолуп өткөрүлгөндүгү сүрөттөлөт. Карыганча баласыз арманда жүргөн Жакып карыя менен Чыйырды байбиче тилегине жетип, балалуу болот да бул тойго күн мурунтан даярданып, камдап жүргөн тамак-ашы (сары май, кошкон май, курут, бал-шекер жана башкалар), боорсок жасалып, көп мал союлганы айтылат:
Чакырып журтка бериптир
Сегиз бээ союп жентекти.
Тоюнбаган тоюнуп,
Топтогон малдар союлуп
Ачтын баары тоюнуп (Сагымбай Орозбаков, 1. 79).

Радлов жазып алган вариантта төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Жаткенден келген жети элчи, Жентегин мыктап жеп кетти, Манас желмогуз чыгат деп кетти».

жентек

жентек, жентеги, жентекке
жентек май
жентек той

жентек

зат.. Бала төрөлгөндө же төө тууганда элге той катарында берилүүчү сары май же кошкон май жана башка даам-татым, тамак-аш. Кыз тапканда жентек бер («Ала-Тоо»). Жентек той. Бермек болду Чыйырды Сегиз бээ союп жентекти («Манас»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: