Меню
Эл-Сөздүк

аяк

аяк I
1. нога; нижняя часть ноги;
көп баскан аяк бок басат погов. много ходящая нога на дерьмо наступит (о человеке, который необдуманно берётся за всякие дела и попадает в неприятное положение);
аяк бас- вступить в какой-л. возраст;
быйыл Күлай он алтыга аяк басты в этом году Кюлай исполнилось шестнадцать лет;
элүүлөргө аяк басып калышкан адамдар (это) люди в возрасте около пятидесяти;
аягы менен басып келгендер южн. чужеродцы, вошедшие в другой род (букв. прибывшие на своих ногах);
2. (ср. уч I) конец, низ, нижняя часть;
суу аягы устье реки;
аягына чейин или аягына чыгара до конца;
аягында в конце; наконец;
айдын аягында в конце месяца;
аягы жок жоголду он пропал бесследно;
аяк-башы от начала до конца его;
аяк-башы түшчүлүк фольк. от начала и до конца полдня (пути);
3. перен. последствие;
4. низший (по социальному положению);
башына ат мингизип, аягына тон кийгизди самых почётных конями одарили, а самых низших одеждой;
казактан чыккан ата уулу аяк-башын жыйдырып фольк. приказав всем казахским родам как следует подготовиться;
карысы өлбөй, жаш өлүп; аягы өлбөй, баш өлүп фольк. старые не умерли, молодые умерли; простолюдин не умер, знатный умер;
жалгыз аяк
1) бобыль;
2) (о лесе, саде) редкий, стоящий не сплошной стеной;
миң аяк или кырк аяк сороконожка;
узун аяк мал крупный скот;
узун аяк көп малды арбын жыйып алыптыр фольк. он много собрал крупного скота;
такалуудан тай койбой, узун аяк мал койбой фольк. из коней он не оставил (даже) стригунка, не оставил крупного скота;
көк аяк или индустандын көк аяк охот. один из видов беркута;
аягы асмандан келди или аягы асманга чыкты он окончательно разгромлен, ему крышка (букв. его ноги к небу пошли);
эл аягы басыла или эл аягы басылганда или ал аягы сууганда поздним вечером; время, когда люди перестают ходить из дома в дом (раньше из юрты в юрту);
аяк-башты жыйнап приведя всё в порядок, хорошенько приготовившись, со всеми делами управившись;
аяк өйдө (противоп. баш ылдый; см. баш 10) начиная с того, кто ниже (сидит, т.е. с того, кто сидит ближе к выходу, на менее почётном месте);
кымызды аяк өйдө сун подавай кумыс, начиная с последнего;
үйдөгүлөр аяк өйдө эшик тарта беришти те, что в юрте, выходили, начиная с тех, кто сидел ниже;
аягына чык-
1) довести до конца; добиться своего;
ойлогон оюнун аягына чыккан он до конца довёл задуманное;
2) перен. доконать, допечь, донять;
аягыңарга чыгабыз, иттер! мы вас, псы этакие, доконаем!;
манаптар, жеп, элдин аягына чыккан манапы объедали народ и доводили его до изнеможения;
атасынан калган малдын аягына чыкты он промотал всё состояние (букв. весь скот), оставшееся от отца;
аягым жеңил болсун! да будет легка моя нога! (напр. пусть моё посещение принесёт больному выздоровление);
аягы жеңил болду нога его оказалась лёгкой;
кызыл аяк чуйск. ист. холостой (избирательным правом не пользовался);
кош аяк то же, что кошаяк;
баш-аягын тарт- см. тарт-;
аяк-бучкак то же, что баш-аяк (см. баш);
жалгыз аяк жол см. жол 1.
аяк II
чашка, чаша;
жаманга чоң аягынды көрсөтпө погов. не показывай дурному свою большую чашку (у него совести нет);
өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет погов. была бы голова на плечах, а хлеб будет (букв. неумерший человек из золотой чашки воду пить будет);
кара аяк некрашеная деревянная чашка с ручкой;
сыр аяк крашеная деревянная чашка (не своего кустарного изготовления);
сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт погов. хотя с крашеной чашки краска и сойдёт, но (хорошее) качество сохранится;
жан аяк
1) дорожная чашка;
2) чашка для толчения табака;
аяк койчу южн. полка для посуды;
аяк-табак кухонная и столовая посуда;
аяк-табагын бөлүп чыкты он (сын) отделился (от отца), он стал жить самостоятельно;
кеңеш аяк этн. одно из свадебных или поминальных угощений;
ант аяк этн. чаша клятвы (выпивалась при клятве);
аттанар аяк южн. этн. небольшое угощенне (напр. кумысом) перед отправлением в дальний путь;
бата аяк этн. чаша благословения (угощение по случаю завершения какого-л. сговора, напр. при сватовстве);
ит аяк собачья чашка;
ит аяк кеч- или ит аяк атта- этн. перейти, перешагнуть через собачью чашку (чтобы сделать ребёнка непривлекательным для злых духов, его заставляли перешагнуть через собачью чашку, чтобы показать, что он так плох, что его и кормят-то из собачьей чашки);
ит аяк кечир- или ит аяк аттат- понуд. от ит аяк кеч- или ит аяк атта-;
кыркып бердим чыбыгын, ит аягын кечирип, кылычтын мизин аттатып, кылып бердим ырымын фольк. прутик его перерубив (см. чыбык), заставил его перешагнуть через собачью чашку, заставил перепрыгнуть через остриё меча (см. аттат-), проделав обряды, отдал (мальчика);
аяктай жер маленький (букв. с чашку) клочок земли;
аяк ичер улуу или аяк алып ичерлик улуу немного постарше (по возрасту);
аяк бошотор дармоед;
бир аяк ашка в отриц. обороте ничуть, ни в грош;
бир аяк ашка айтпаган ни в грош нё ставит;
ажыраш аяк см. ажыраш.
аяк III
та сторона;
аяк-быягында там-сям; кое-где;
аяк-тиякта там и сям.

АЯК

(кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан оюп кармалган.
      Чоң кара аяктын диаметри 20 смдей келет. Аяктын капталдары, кыры, түбү, кемери, адатта, көркөм кештелерге толот. Аны жасоодо чот керки, ийди, бычак өңдүү кырма аспаптары ирээти менен керектелет.
      Түштүк Кыргызстандагы чеберлер көбүнчө жемиш бактарынан аяк жасашат. Алар аяктын көлөмүнө карата адегенде жыгачын тандашат. Жердикти сомдоп, идиштин тү7спөлүн берүүдө керки менен балта керек. Анан чара табактай муну да кырма дүкөндүн азуусуна бекитип, өз ийдиси менен кыра баштайт. Аяктык жыгач суу бойдон да, кургак бойдон да кырылат. Ал чебердин өзүлөрүнүн жекече чыгармачылыгына байланышат.
      Түндүк Кыргызстандагы кырмачылар жыгач идиштерин көбүнчө талдан тандашат. Талдын да өзүнчө бөтөнчөлүгү бар. Ал тарамыштай бышык келип, ийри-муйру жарылат. Аны ошол жарылган ыгы аркылуу жонуу зарыл. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган аяктын калыбы кийинчерээк анча өзгөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң кайра табигый жолуна түшөт.
      Чеберлер талдан кырылган аяктын сөлөкөтү келген чакта жеткилең кайнатып, жыгачтын сары суусу менен чайырын чыгарып алышат. Мындай аяк такыр чирибейт. Бышык болуп, урунууга ойдогудай келет. Жарылбашы үчүн жасалып бүткөн идишке каймак, май сыйпап, отко «кайсап» (жалынга тосуу) да алышкан. Аяктын чаканы «татымал салгыч» болот. Мунун түзбөлү аякты элестетет. Бирок, анын түбү жазы жана көтөрүңкү келет. Аны азыр момпосуй, каймак, кант, май салгыч катары колдонууга болот.
      Туз салгыч да аяктын бир түрү. Анын түрү ичкерээк, сүйрүрөөк келет да, түбү жазы, же бир аз көтөрүңкү көрүнөт. Ага да аяктыкындай кештеси көбүнчө кырбуусунда (курбусунда) болот. Чебер кол менен зерикпей отуруп, идиштердин ичин оюп жасайт. Мында үч-төртүн бир эле дароо сомдоп, сууга салып коет. Арадан күн өткөрүп, бир баштан алып, ичин оюп. кирет. Идиш биротоло бүткөндөн кийин кайрадан сууга салып кайнатат. Мында да жыгачтын сары суусу, чайыры чыгат. Андан кийин майга салып, «бышырып» алат. (Май сиңди жыгач кийин урунууга нап берет).
      Мына ушундай жолду аркалап, ашкана буюмдарын жүзөгө ашырууда негизги курал-аспаптарга өзүлөрү жасап алган кадимки керки, аталгы, жарым айлана түрүндөгү ийги жыгачтын ичин оюшка оңтойлошкон.
      Же аяк (кесени) жасоо үчүн бутагы жок, көчкү тийбеген түз кайыңды кыйып алып да, суу бойдон сомдой коюп, сууга салып кырат. Ансыз кайың тез жарылып кетет. Анан күжүгө тосуп, жалынга «кайсап» (тосуп) алат да, кайра сууга коюп, өз чамындысы менен аарчып-жышып, жүзүнө чыгарат. Идиштерди ысык кезинде майлоо зарыл.

аяк

1. ayak;
2. ağaçtan yapılan kap-kacak;
3. orası, diğer taraf.

аяк

аяк (бут), аягы, аякка
аягы жерге тийбөө

аяк

аяк (идиш), аягы, аякка
аяк бошотор
аяк кап
аяк-табак

аяк

аяк (ал жак), аягы, аякка (сүйл.)
аяк-быяк (аяк-буяк эмес)
аяк-тияк (аяк-тыяк эмес)
аяк басуу
аяк-башы
аяк-башын жыйноо
аяк-башын таппоо
аягы жеңил болуу
аягы суюлуу
аягы тыйылуу
аягына чыгуу

аяк

I зат. 1. Бут. [Чолпондун].. күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров).
  1. 2.                  Ар кандай буюмдардын, мебелдердин жерге тийип туруучу бөлүгү, буту. Столдун аягы. Скамейканын аягы.
  2. 3.                  Акыры, соңу. Август айынын аяк чени. Каныбек мукамдуу обонду салып, аягын созолонтуп барып бүтүрдү (Жантөшев).

Аягы асманга чыгуу — быт-чыт болуу, таш-талканы чыгуу, кыйроо. Алар кылт коюп башка бирөөлөргө кошулуп кетишсе, биздин аягыбыз асманга чыгат (Жантөшев). Аяк ылоо — минип жүрүүгө жарай турган начарыраак унаа. Ат табылганча аяк ылоо (макал). Аяк басуу — белгилүү бир жаштан экинчи бир жашка бет алуу, өтүү. Алтымыш ашып жетимишке аяк баскан кезим бул («Эр Табылды»). Аягы сай таппоо — бир жерге байыр алып токтобоо, бир жерге турбоо. Аягы менен тик туруу — алы-жаны калбай, кызмат көрсөтүү, кызмат кылуу. Билесиң Назар досуңду Аягы менен тик турат (Барпы). Жалгыз аяк жол — бир киши гана жүрө турган тар жол. Кер аяк же терс аяк — каяшачыл, тил албаган; кежир. Кырк аяк же миң аяк — көп буттуу курт-кумурсканын бир түрү. Аяк өөдө — төмөндөн жогору, ылдыйдан өөдө карай; аяк жагынан башталган жагын карай. Көчөттү аяк өөдө отургузуп келатышкан Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). Баштан аяк — башынан аягына чейин; бүт.
АЯК II зат. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).
Ит аяк — итке тамак куюп берилүүчү. идиш. Жан аяк 1) жол жүргөндө алып жүрүүчү аяк; 2) насыбай ийлөө үчүн жыгачтан оюп жасалган идиш. Ажыраш аяк — башка жакка көчүп кетүү алдында жолдош-жоролоруң, тааныштарын чакырып берген тамак.
АЯК III такт. сүйл. Ал жак, ошол тарап, башка жак. Ашым аяктан келе элек.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоаяк
Множ. числоаяктар
Синонимы
чек
туяк
түпкүр
Антонимы
баш
Склонение по падежам - "аяк"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?аяк
Родительный Чей?аяктын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?аякка
Винительный Кого?, Что?аякты
Местный Где?, У кого?аякта
Исходный Где?, У кого?аяктан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?аяктар
Родительный Чьи?аяктардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?аяктарга
Винительный Кого?, Что?аяктарды
Местный Где?, У кого?аяктарда
Исходный Откуда?, От кого?аяктардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: