Menü
Эл-Сөздүк

айлан

этиш. 1. Белгилүү бир точканын айланасында жүрүү, айлана-тегерек боюнча жүрүү, учуу, өтүү, тегеренүү; кыдырып чыгуу. Г. С. Титов «Восток-2» корабль-спутниги менен жер шарын 17 жолу айланып чыкты («Советтик Кыргызстан»). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). [Актан].. бири-биринен оолак салынган үч көчө кыштакты айланып чыкты (Бейшеналиев).
2. Өз огунда тегеренүү. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев).
3. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын Ош шаарымды, Алты айланып алыптыр («Курманбек»).
4. Кайрылуу, кайрылып келүү, кайта баруу. Эми кайра айланып Үч-Дөбө аркылуу барыш үчүн эки-үч күн керек (Жантөшев). Ат айланып казыгын табат (макал).
5. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка өтүү, өзгөрүп кетүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сыдыкбеков). Кичинекей өндүрүш чоң булгаары заводуна айланды (Сасыкбаев).
6. Белгилүү бир өлчөмгө, орточо санга жетүү; боло баштоо. Аны кошкондо 40 гектардын түшүмү 30,5 центнерден айланат (Убукеев).
7. Белгилүү бир убакыт өтүү, толуу. Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды.
8. Жакшы көргөндүгүн, сүйгөндүгүн билдирип жалынуу, жалбаруу; жакшы
көрүү, эркелетүү. Алдейлеп мени өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Адамзат болсун эркем деп, Айланып апам күлгөн жер (Аалы).
9. Курмандыкка туш келүү, садага кетүү («куруп калсын» деген мааниде). Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков).
Айлан көчөк — балдардын бир орунда туруп тегеренип ойноочу оюну. Айлан көчөк болуу — баш айлануу, жер тегеренгендей, астын-үстүн болгондой болуп көрүнүү. Башы айлан көчөк болуп, денеси шалкайды («Ала-Тоо»). Ичинен кара кыл айланбоо же ичинен кара таруу айланбоо — ичи тардык кылуу, көрө албоо. Жүрөгү айлануу — жийиркенүү, кускусу келүү. Көздүн кареги менен же агы менен тең айлануу — ою менен, дегени менен болуу; бирөөгө толук көз каранды болуу, бирөөнүн таасиринде болуу. Көңүлү айлануу — өзүн начар сезип, кускусу келүү. Башы айлануу — 1) башы тегеренүү, өзүн начар сезип, көзү караңгылоо, алсырап кетүү. Табылды катты окуп, башы айланып, кеңгиреп жыгылды («Эр Табылды»).; 2) маң болуу, эмне кыларын билбей калуу. [Андрей].. кайда басарын, [үйүн] кимден сурарын билбей башы айланды (Сасыкбаев); 3) өт, мактанып, менменсинип кетүү.

айлан-

1. двигаться вокруг, кружиться, вращаться, вертеться;
аблана уч- летать вокруг, облетать;
айланып өтмө жол кружный путь, обходная дорога;
2. превращаться;
бууга айлан- превращаться в пар;
3. этн. признавать превосходство, оказывать почести (признавать годным или готовым стать искупительной жертвой; при знахарских способах лечения для изгнания "духа" болезни приносилась искупительная жертва, которая вращалась - фактически или символически - вокруг головы больного, или вокруг предполагаемого места, где якобы сидит "дух");
айланайын (или айнанайын или айлайын или айланып кетейиним) мой миленький (я готов стать искупительной жертвой за тебя);
кой, айланайын, кой перестань, милый, перестань;
айланайындарым мои милые;
айланабы или айлансын далеко не...; куда ему;
ал таланттан айланабы он далеко не талантлив, никакой он не талант;
алкыштан айлансын! какая там ему благодарность!;
колдон айлансын (следовало бы побить, да) не стоит руки о него марать;
башыман айлансын! (пропало) ну и чёрт с ним!;
келиндин тырмагынан бир күндө миң айланса эп экен фольк. пальцы (букв. ногти) молодухи заслуживают того, чтобы им оказывать каждый день тысячу почестей (она искусная рукодельница);
аргымак жыйдым, ат жыйдым, айланып кетсин буудандан! фольк. собирал я аргамаков и простых коней, но где им до буудан'а! (см. буудан 1);
атадан абланган жаль, что (такого плохого) хороший отец на свет произвёл;
оозуңдан айланайыным преклоняюсь перед твоими устами (как ты хорошо, приятно говоришь!);
ал оозуңдан айлансын он не стоит того, чтобы ты тратил на него слова;
элден айланайын народ (а не я) велик; я перед народом - ничто;
жогол! элден айлан! прочь! тебе не место среди народа!;
мүрзөдөн айлан ты не стоишь могилы (твой труп нужно выбросить и т.п.);
айланганы... бы? за каким чёртом? чёрт дёрнул!;
колуңан келбеген ишке айланганы бардыңбы? чёрт тебя дёрнул пойти на работу, с которой ты справиться не можешь!;
көзүбүздүн карасы менен тең айланып турат он делает всё, чего мы ни пожелаем; он находится целиком под нашим влиянием;
Күмүштүн көзүнүн агы менен тең айланган жигиттер парни, готовые на всё для (девушки) Кюмюш;
жыл айланбай эле не прошло и года (как...);
көчүк айланбайт разг. (о помещении) повернуться негде;
...айланып... толгонуп все радости и горести...;
төрт баланын ачына айланып, тогуна толгонуп жүрө бердим я горевал, когда четверо моих детей были голодны, радовался, когда они были сыты;
айлан көчөк см. көчөк;
айлан баш см. айлампаш.

айлан-

circulate [‘сөөкйулэйт];
hover [‘ховэ];
rotate [роу’тэйт]

айлан-

change [чэйнж];
revolve [ри’волв]

айлан-

айлан-, айланба-, айланган
айланып-кагылып
айланып-үйрүлүп
айланып-толгонуп

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: