АВТОНОМИЯ (гр. autonomia – өзалдынча башкаруу, autos – өзүм жана nomos –
мыйзам) – жалпы жонунан алганда, кандайдыр бир мекеменин, уюмдун, аймактык ж. б.
коомчулуктардын тиричилик жагдайындагы өзалдынчалуулук деңгээлин көрсөткөн
түшүнүк. Алар өзгөчөлүгүнө, мүнөзүнө, максатына жараша бири-биринен айырмаланып
турат. Негизинен 2 топко бөлүнөт: мекемелер А-сы жана коомчулук А-сы. Ошол эле
учурда мекемелер А-сы да каржылык, экономикалык, административдик деп ичара
бөлүнүп, өзалдынча шашылыш чара көрүп, өзалдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү
банк, ишкана, илимий борбор сыяктуу мекемелер тармактык иш-аракеттерине жараша
айрым мамлекеттик органдар менен мекемелердин карамагында болот. Ал эми
коомчулук А-сы аймактык жана накта аймактык болуп бөлүнүшү мүмкүн. Аймактык А.
административдик-аймактык (чөлкөмдүк), улуттук-аймактык жана улуттук-мамлекеттик
деп бөлүнөт. Аймактык А. саясий, же мыйзамдык А. деп да аталат. Биркатар
өлкөлөрдүн конституциялык укугуна жараша, биртобу накта аймактык (маданий) өлкө
катары да белгилүү (кара: Административдик-аймактык
автономия ,
Улуттук-аймактык автономия , Улуттук-мамлекеттик
автономия , Маданий автономия).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Автономия
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
18Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 х 2? Ответ:
Отправить