|
Эч жакка кетпөө жөнүндө колкат
|
|
ЭЧ ЖАККА КЕТПӨӨ ЖӨНҮНДӨ КОЛКАТ – КР кылмыш-жаза процесстик мыйзамында каралган чектөө чарасы,. Э. ж. к. ж. к. тергөөчүнүн, прокурордун, соттун улуксатысыз туруктуу же убактылуу жашаган жеринен эч жакка кетпөөгө айыпкерден, соттолуучудан жазуу жүзүндө милдеттенме алууну, объективдүү тергөө жүргүзүүгө жана сотто ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбоону, белгиленген мөөнөтүндө чакырык боюнча келүүнү билдирет. Айыпкер же соттолуучу өзү кол коюп берген шарттарды бузган учурда ага карата бөгөт коюунун мурдагыдан кыйла катаал чаралары колдонулушу мүмкүн, колкат алуу учурунда ага бул тууралуу эскертилүүгө тийиш.
|