|
Чарбалык укук
|
|
ЧАРБАЛЫК УКУК – ченемдери өндүрүштүк-чарбалык ишмердиктин жана аны мамлекеттик башкаруунун жүрүшүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу укуктун өзалдынча тармагы. КМШдагы айрым өлкөлөрдө (м.: Украинада) Ч. у. ишкердик укугу катары түшүнүлөт жана ошого жараша ошондой аталыштагы кодекстер менен жөнгө салынат.
|