Меню
Эл-Сөздүк

Цензура

ЦЕНЗУРА (лат. censura ) – ырасмий бийликтердин басма продукцияларынын мазмуунуна, жарыкка чыгарылышына жана таркатылышына, сахналык коюулардын, радио жана теле берүүлөрдүн мазмунуна жана аткарылышына (көрсөтүлүшүнө), а кээде ал бийликтер тарабынан керексиз же зыяндуу катары таанылган ойлордун жана маалыматтардын таралып кетүүсүнө жол бербөө же чектөө үчүн жеке кат алышууларга дагы көзөмөл жүргүзүүсү. Ишке ашыруу ыкмалары боюнча алдыналуучу жана кийинки болуп бөлүнөт. Алдыналуучу Ц. китептерди жарыкка чыгарууга, пьесаларды коюуга ж. б. алдынала уруксат алууну заралдыгын талаптайт, кийинкинин (жазалоочунун) маңызы Ц. талаптарын бузуу менен жарыяланган басылмаларга баа берүүсүндө, аларга карата тыюуларды жана чектөөлөрдү киргизүү-сүндө. Азыркы учурда көпчүлүк конституциялар (анын ичинде КР Конституциясы дагы) маалымат эркиндигин жарыялоо менен Ц-га түздөнтүз тыюу салат. Ошентсе да, дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө өзгөчө кырдаал же согуштук абал жарыяланганда Ц. жүргүзүүгө жол берилет.

цензура

зат. 1. Басылып чыгуучу, сахнага коюлуучу ж. б. чыгармаларга мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн кароо.
2. Ушундай кароолорду жүргүзүп туруучу мекеме.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: