|
Укуктун комплекстүү тармагы
|
|
УКУКТУН КОМПЛЕКСТҮҮ ТАРМАГЫ – укуктун аркыл тармактарына тийешелүү белгилүү бир ишмердик чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы. Мындай тармактарга, м.: курамына административдик, жер, токой, жарандык, каржылык жана башка бир катар тармактардын ченемдери кирген агрардык укук (айыл чарба укугу) жана экологиялык укук кирет. У. к. т. улуттук укуктардын тутумундагы юридикалык теорияда мурда бөлүнгөн, бир кыйла жакшы өнүккөн илимий тармагы жана окуу курстары бар. У. к. т-н бир кыйла тар, адистештирилген чөйрөлөрдөгү ишмердикти жөнгө салуучу жана атайын окуу куралына сейрек бөлүнгөн тармактар аралык укук ченемдеринин комплексинен (банк укугу, медицианалык укук ж. б.) айырмалоо керек.
|