|
Телеграфтык инкассо
|
|
ТЕЛЕГРАФТЫК ИНКАССО – адатта атамекендик ишканалардын уюмдар жана фирмалар менен болгон экспорттук аткарымдарындагы эсептешүүнүн инкассолук таризине киргизилүүчү кошумча шарт. Карызкор башка жерде жайгашкандыктан инкассирлөөчү банк тийиштүү корреспондент-банкка Т. и. жана документтердин баардык топтомун жөнөтөт, ал эми акчаны болсо инкассирленген документтер үчүн үчүнчү жак тийиштүү сумманы төлөгөндүгү тууралуу телеграфтык билдирүүдөн кийин гана өз кардарынан эсебине которуп берет.
|