|
Көчмө иш усулу
|
|
КӨЧМӨ ИШ УСУЛУ – жумушчулардын туруктуу жашаган жерине күнүгө кайтып келүүнү камсыз кылуу мүмкүн болбогондо, туруктуу жашаган жеринен тышкары эмгектенүүсүн ишке ашыруунун өзгөчө таризи. К. и. у. иш берүүчүнүн жайгашкан жеринен иштөөчү жер алыс болгондо, жумушту кадимки усул менен аткарууга мүмкүнчүлүк болбогондо, ошондой эле ээн жерде, алыс жайгашкан же өзгөчө табигый шарттуу аймактардагы өндүрүштүк, социалдык ж. б. багыттагы объекттерди куруу, оңдоо, кайра куруу жана пайдалануу мөөнөттөрүн кыскартуу максатында колдонулат.
|