|
КЕНИЗЕК
|
|
КЕНИЗЕК — үй кызматын аткаруучу аял, күң. Эпосто Манас Каныкейге күйөөлөп барган учурда К. Санирабиганын сакчы, кызматчы кыздары катары сүрөттөлөт. Манас уурданып Санирабиганын үйүнө кирерде жети К. «канжарлары колунда, канкордун өтөр жолунда» каршы-терши жатышкан болушат. Манас менен кошо келген Ажыбай жети жамбы көтөрүп алып жети К-тин бири Нааркүлдү ойготуп калган К-терге шаңшуур жамбы берип Манаска жол ачат (Сагымбай Орозбаков, 2. 398—399).
|