|
Жүк коштом
|
|
ЖҮК КОШТОМ – жүк ташуу келишими менен
шарттарын, ошондой эле жүк жөнөтүүчүдөн жүк алгандыгын күбөлөндүрүүчү жүктү
коштоп жүрө турган документ. Ж. к-ду түзүү тартибин жана жүктү ташуу келишимин
жол-жоболоштуруу боюнча колдонулуучу техникалык каражаттар жүк ташуу эрежелерине
ылайык аныкталат.
|