Menu
Эл-Сөздүк

АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ

АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ — дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында (уламыш, жөө жомок, эпос) кеңири таралган салттык мотив. Аталык бийликтин күч ала башташы, башта баланын атасы ким экенине кайдыгер караган энелик коомдун укуктарынын нормаларына каршы келип, эми баланын сөзсүз закондуу атасынан туулушун талап кылган. Тескерисинче болгондо ата менен никесиз туулган баланын ортосунда каршылык чыккан. Бул карама-каршылык көп элдердин оозеки чыгармаларында, айрыкча, эпостордо кеңири чагылдырылган жана «Ата менен баланын салгылашы» деген тема менен фольклористикада кеңири маалым. Бул тема «Манас» үчилтигинен да орун алып, айтуучулардын нечен муундарынын элегинен кайра-кайра өтүп, көп кырдуу темага айланган. Эпостогу кеңири белгилүү чоң эпизоддордун бири «Алмамбеттин окуясында» өз алдынча тема катары кеңири өнүктүрүлгөн (к. Алмамбет, Азизкан). Мындан тышкары эпостун үч бөлүмүнүн тең башкы үч каарманынын аталары менен кагылышы кийинки доорлордун көз карашына ылайыкташтырылганын, өзгөртүлгөн түрдө чагылдырылганын байкоого болот: 1) Манас өмүр бою өз атасы Жакып менен ыркы келишпей өтөт. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манастын туулушунун айрым белгилерине карап, Жакып ажалы акыры өз уулунан экенин сезет; 2) Семетей энеси Каныкей менен кошо балтыр бешик кезинен чоң атасы Жакып тарабынан куугунтукка алынып, таятасынын колунда эрезеге жеткенче тарбияланат, кайтып келери менен небереси Семетейди өлтүрмөкчү болгон Жакып акыры өзү өлүм табат; 3) Сейтектин өгөй атасы Кыязга каршы турушу баланын өз атасы менен касташуусу жөнүндөгү байыркы мотивдин өзгөргөн түрү болуп саналат.
Р. Сарыпбеков

Examples of translations: АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ

Kyrghyz Russian
менен а также
менен а также
менен все это время.
менен все это время.
сени менен с тобой.
КААУ менен выражается в СДР
Биз менен бол Будьте с нами
(пайыз менен)* (Выраженное в процентах) *
Эч нерсеси менен. Один из ответов не является, попросту говоря, ничего.
«Биз менен бол - 2» Оставайтесь с нами - 2
Терең урматтоо менен С глубоким уважением
Жакшы тилектер менен С наилучшими пожеланиями
Мен сиз менен макулмун Я с Вами полностью согласен
Менен коюмум эмне болот? Что произойдет с помощью ставки?
Өзү менен түзүлгөн бүтүм Сделка для себя
Кутмандуу таңыңыз менен! Доброе утро!
Кутмандуу күнүңүз менен! Добрый день!
Кутмандуу кечиңиз менен! Добрый вечер!
Коомчулук менен байланыш Публичные отношения
Сервер менен байланыш жок! Нет подключения к серверу!

Examples of translations: АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ

Kyrghyz English
менен and
менен all along.
менен and
менен all along.
сени менен with you.
КААУ менен expressed in SDR
Биз менен бол Be with us
(пайыз менен)* (expressed as a percentage)*
Эч нерсеси менен. One answer is, quite simply, nothing.
«Биз менен бол - 2» Stay with us - 2
Терең урматтоо менен Yours sincerely
Жакшы тилектер менен Best regards
Мен сиз менен макулмун I agree with you
Менен коюмум эмне болот? What will happen with by bet?
Өзү менен түзүлгөн бүтүм Deal for Oneself
Кутмандуу таңыңыз менен! Good morning!
Кутмандуу күнүңүз менен! Good afternoon!
Кутмандуу кечиңиз менен! Good evening!
Коомчулук менен байланыш Public relations
Сервер менен байланыш жок! No connection to server!

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: