-
алман
-
алман I
то же, что алгыр;
алман бүркүт көздөнгөн с глазами хваткого беркута;
карчыга куштун алманы ястреб - самая хваткая птица.
алман II
ист.
обложение;
дань;
алман сал- облагать данью.
алман III
ир.
различный, разнообразный;
Алтыбай өзү хан болуп, алман салык тапшырган фольк. Алтыбай был ханом и облагал разной данью;
өзүнчө бир алман своеобразный;
өзүнчө бир алман киши своеобразный человек.
-
АЛМАН
-
АЛМАН — салык, алым. А. өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарылчылыкка байланыштуу элден чогултулган. «Манас» эпосунда душманды жеңүүгө жумшалчу чыгым жана согуштук куралжаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен каражат А. катары элден жыйналган. Мисалы, Манастын күмбөзүн курууда:
Алман салып кыргыздан
Алты миң эркеч бир жыйып,
Кыш кайнатып бек салып
Алты кылым өткөнчө
Кетилбесин деп салып (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 512инв., 100-б.),
— деп айтылат. Согушта жеңген тарап жеңилген тараптын элинен олжо түрүндө А. алып, жеңген эл бөлүп алган: «Алымга алган илгери, Ногойдон келген он төрт ат» (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 847-инв., 24-б.). Бир элдин ээлеген жери аркылуу өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдөн, жортуулчулардан, соодагер кербенчилерден, көчтөн да отко, азык-түлүккө зыян келтирилди деген доомат менен А. алынган. «Конуп калган кербенден, Алман алык алалык» (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1076-инв., 287, 93-б.).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
АЛМАН