-
мүрөк
-
миф.
источник живой воды;
мүрөктүн суусу или мүрөктүн дарысы живая вода;
мүрөктүн өлбөс дарысы живая вода бессмертия;
мүрөктүн суусун ичтиңби? ты живой воды выпил, что ли? (думаешь вечно жить?);
мүрөктүн суусу шутл. живительная влага (водка);
мүрөктөй тунук совершеино прозрачный, кристально чистый;
мүрөктөй тунук ой менен с кристально чистой мыслью, с абсолютно честными намерениями.
-
мүрөк
-
зат. миф. Тирилтип жандандыруучу, жашартып күч-кубат берүүчү, ичкен киши өлбөй узак жашоочу суу чыккан булак жана ошондой булактан чыккан суу. Жаралганда суусун ичкен мүрөктүн, Арча жашыл, касиеттүү бир жыгач (Акаев). Ишенем, ишенгеним күндөй жарык, Жашоого мен ичкемин сенден мүрөк (Шимеев). Картайганда мен Бакай, Өңгөчө дууга түштүмбү, Же мүрөктүн суусун ичтимби («Сейтек»).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | мүрөк |
Көптүк сан | мүрөктөр |
Байланыштуу сөздөр |
---|
суу |
Жөндөлүшү - "мүрөк"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | мүрөк |
Илик Кимдин? Эмненин? | мүрөктүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | мүрөккө |
Табыш Кимди? Эмнени? | мүрөктү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | мүрөктө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | мүрөктөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | мүрөктөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | мүрөктөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | мүрөктөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | мүрөктөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | мүрөктөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | мүрөктөрдөн |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
мүрөк