Меню
Эл-Сөздүк

зекет

ар.
1. рел. милостыня, предписываемая шариатом в пользу бедных (в размере 1/40 капитала или имущества);
2. ист. налог со скота (взимавшийся во времена Кокандского ханства);
түндүк зекет налог в размере одной овцы с юрты;
алал зекет налог на скот в размере одной головы с пятидесяти (2 %);
3. то же, что секет 2.

Зекет

Зекет (ар. зякат) – «тазалануу» үчүн мусулмандар төлөй турган салык. Анын милдеттүүлүгү ыйык Куранда, көлөмү менен өндүрүш шарттары шариятта көрсөтүлгөн. Зекет адегенде Мухамбет пайгамбардын үй-бүлөсүнө жана кембагалдарга, жолоочу-мусапырларга жана «ыйык согушка» (газават, жихад) катышкандарга жардам иретинде берилген. Мусулман өлкөлөрүнө зекет мусулмандардан гана мал, кол өнөрчү буюмдары, акча, кымбат баалуу мүлк түрүндө алынган. Азыркы мусулмандарда зекет өз ыктыяры менен дин кызматкерлерине берилет (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 183-б.).

зекет

зат. ( Шарыят боюнча жарды, карыптар үчүн деп, байлык-мүлкүнүн кырктан бир үлүшүнүн эсебинде жыйналуучу садага. кайыр. Кузгундай болгон молдолор, Куркулдаган соргоктор, Зекет алса тойбойбу (Токтогул). Ар кимден алып зекетти, Бекер малды курадың (Токтогул).
2. тар. Салык, налог.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: