-
Дилер (алыпсатар)
-
ДИЛЕР (АЛЫПСАТАР) (англ. dealer ) – 1) өзү дүң сатып алган азык-түлүк, буюм-тайымдарды чекене сатуучу ишкер. Эреже катары, Д. ири өнөржай корпорацияларынын агенти болуп саналат жана анын дилердик тармагына кирет; 2) фондулук биржанын мүчөсү (жеке адам же уюм) же баалуу металлдарды, чет элдик акчаларды, баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен алектенген банк; өз атынан жана өз каражатынын эсебинен аракеттенет; 3) баалуу кагаздар базарынын өз атынан жана өз каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарды кайра сатуунун же өзү бүтүргөн келишимдердин жыйынтыгында пайда алуу максатында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүчү кесипкөй катышуучусу.
Примеры переводов: Дилер (алыпсатар)
Кыргызский
Русский
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып баруу жөнүндө Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн биринчилик дилер, финансы-кредит мекемеси ж.б. катышуучулар.
Первичный дилер, финансово-кредитное учреждение и другие участники заключившие с Национальным банком Кыргызской Республики соответствующий договор о работе на рынке государственных ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргыз Республики
Примеры переводов: Дилер (алыпсатар)
Кыргызский
Английский
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып баруу жөнүндө Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн биринчилик дилер, финансы-кредит мекемеси ж.б. катышуучулар.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Дилер (алыпсатар)