Меню
Эл-Сөздүк

мүрөк

миф.
источник живой воды;
мүрөктүн суусу или мүрөктүн дарысы живая вода;
мүрөктүн өлбөс дарысы живая вода бессмертия;
мүрөктүн суусун ичтиңби? ты живой воды выпил, что ли? (думаешь вечно жить?);
мүрөктүн суусу шутл. живительная влага (водка);
мүрөктөй тунук совершеино прозрачный, кристально чистый;
мүрөктөй тунук ой менен с кристально чистой мыслью, с абсолютно честными намерениями.

мүрөк

мүрөк (миф.)
мүрөк дарак
мүрөк дарактар (биол.)
мүрөктүн суусу

мүрөк

зат. миф. Тирилтип жандандыруучу, жашартып күч-кубат берүүчү, ичкен киши өлбөй узак жашоочу суу чыккан булак жана ошондой булактан чыккан суу. Жаралганда суусун ичкен мүрөктүн, Арча жашыл, касиеттүү бир жыгач (Акаев). Ишенем, ишенгеним күндөй жарык, Жашоого мен ичкемин сенден мүрөк (Шимеев). Картайганда мен Бакай, Өңгөчө дууга түштүмбү, Же мүрөктүн суусун ичтимби («Сейтек»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: