|
Кайра инвестициялар
|
|
КАЙРА ИНВЕСТИЦИЯЛАР (лат. re – кайра аракет жана лат. investio – кийиндирем) – инвестициялык объектти пайдалануудан алынган каражаттарды ошол эле объектиге (активке) кайра жумшоо. КРде К. и. деп инвестордун жумшаган инвестицияларынан түшкөн кирешелердин же пайданын эсебинен КР аймагындагы жеке ишкердик объекттерин инвестициялоо түшүнүлөт.
|