Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: НЕЛЕГКИЙ
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Эрк автономиясы
 

Эрк автономиясы

 
ЭРК АВТОНОМИЯСЫ – эларалык жеке укук институту боюнча, укуктук негиздери арбашка өлкөлөр менен юридикалык мамилелерин түзгөн тараптар өзара бүтүмдөрүн жөнгө салууда өздөрү каалаган укук негиздерин тандап алат жана аны сот мекемелери, же зарылдыгына жараша башка тийешелүү органдар да пайдаланат; тараптар тандап алган мыйзам. Кеңири маанисинен алганда, Э. а. жарандык-укуктук негиздерди жөнгө салуунун өзөктүү өнөлгөлөрүнө барып такалат да, келишим эркиндиги менен тараптардын эркин тандоосу сыяктуу жарандык укуктун жалпы башатынын бир көрүнүшү болуп саналат. КР жарандык мыйзамдары теңчилдикти таанууга, мамилени жөнгө салуу катышуучуларынын эрктик менен мүлктүк өзалдынчалуулугун таанууга, келишим эркиндигин, кимдир-бирөөлөрдүн жеке иштерге жөнү жок кийлигишүүгө жол бербөөнү таанууга , жарандык укуктардын эч жолтоосуз ишке ашырылышын таанууга, укуктардын бузулушун калыбына келтирүүнү жана алардын сот тарабынан корголушун камсыз кылууну таанууга таянат.

Эрк автономиясы

 
Автономия воли


Хотите добавить свой перевод для слово: "Эрк автономиясы"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru