|
Тель-кель
|
|
ТЕЛЬ-КЕЛЬ (фр. Tel quel – кандай болсо ошондой) – соода-сатык шарты, мында өзгөчө дан эгиндерин, сатып алуучу товар келчү жерине кандай абалда жетсе, ошондой түрдө кабыл алууга милдеттенет. Адатта, мындай шарттарда жүк жүктөөгө чейин каралат жана сапат тастыктамасы берилет.
|