|
Дарыгерлик сыры
|
|
ДАРЫГЕРЛИК СЫРЫ – медициналык жардам алуу үчүн кайрылган жөнжайы, жарандын денсоолук акыбалы, чалдыккан дарттын тек-жайын тактоо ж. б. текшерүү менен дарылоодон улам алынган маалыматтар. Окутууда жана адистик, кызматтык ж. б. милдеттерин аткаруу учурларында белгилүү болгон Д. с-на кирчү маалыматтарды таркатууга жол берилбейт. Мыйзамдарга ылайык жана жарандын макулдугу менен андай маалыматтарды белгилүү бир максатта берүүгө болот. Ошондой эле, эгер мыйзамдарга туура келсе, жарандын улуксаты жок эле бериле берет.
|